Коом

УКМК коомчулукту азык-түлүк кризисинин убагында мыйзамды сактоого, аткезчилик иштерден алыс болууга чакырды

Дүйнөнү азык-түлүк менен камсыз кылуу боюнча кырдаалдын начарлашынын жана бул чөйрөдөгү болжолдонгон кризистин алкагында, Кыргызстанда да башка өлкөлөрүндөгүдөй эле азык-түлүккө жана эл керектөөчү товарларга баанын өсүшү, кээ бир позициялар боюнча алардын жетишсиздиги байкалууда.

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан азык-түлүк коопсуздугу боюнча жүргүзүлгөн талдоо республикадан азык-түлүк жана эл керектөөчү товарларды контрабандалык жол менен ташып чыгаруу аракеттеринин көбөйгөнүн көргөзүүдө. Калкты азык-түлүк каатчылыгынын коркунучтарынан коргоо жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында УКМК өз компетенциясынын чегинде тиешелүү алдын алуу чараларды көрүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

КР УКМК төрагасы тарабынан УКМКнын жана УКМК Чек ара кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө өз ишин күчөтүүнү, азык-түлүк жана эң керектүү азыктарды коңшу мамлекеттерге өткөрүү пункттары аркылуу, мамлекеттик чек аранын көзөмөлгө алынбаган аймактары аркылуу да мыйзамсыз аткезчилик жол менен алып чыгуу фактыларын аныктоо, алдын алуу жана аларга бөгөт коюу боюнча таасирдүү чараларды көрүү иштерин тапшырды. 

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (КР Кылмыш-жаза кодексине жана Жоруктар жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгон, анда контрабанда үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жана айыптарды жогорулатуу, ошондой эле кылмыштын куралы катары транспорт каражаттарын мамлекеттик кирешеге конфискациялоо каралган.

Ушул себептерден Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жарандарды төмөнкүлөргө чакырат:

1.            кыраакы болуп, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча компетенттүү органдар тарабынан көрүлүп жаткан чараларга көмөктөшүүгө жана колдоо көрсөтүүгө;

2.            контрабанда менен алектенген жана аны токтотууну каалабаган адамдарга карата колдонуудагы мыйзамдардын чегинде эң катаал чаралар көрүүгө;

3.            өзгөчө дүйнөлүк азык-түлүк кризисинин убагында, мыйзамды сактоого, кылмыш жасоо жолуна түшпөөгө жана жеке кызыкчылыктарын улуттук кызыкчылыктардан жогору койбоого.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button