Аналитика

Сазга баткан энергетика. Эсепсиз карыз алган эски бийликтер — ТИЗМЕ

Кыргызстанда электр энергиясына болгон тарифти 23 тыйынга көтөрүү маселеси каралып, коомчулукта ар кандай талкууларды жаратууда.

Кыргызстан эгемендүүлүкту алган жылдардан бери электр тармагын жакшыртуу жана модернизациялоо үчүн мурдагы бийликтердин учурунда сырттан миллиондогон чет өлкөлүк валюталар насыяга алынган экен.

Бирок, ушундай  чоң суммага карабастан натыйжасы  аз болгон. Сырттан алынган карыз Кыргызстандын мойнуна илингени менен электр тармагы азыркы учурда туңгуюкка кептелип турат.

Эми, 2005-жылдан  бери Кыргызстандын өлкө башчылары энергетика тармагына канча насыя алынганына саресеп салалы.

Мисалы, Курманбек Бакиев президент болуп турганда энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн сырттан 9 миллиард 296 миллион сомго барабар насыя алган.

Андан кийинки президент Роза Отунбаева ушул эле тармакты модернизациялоо үчүн 3 миллиард 416 миллион сомго тең келгидей насыя алууга үлгүргөн.

Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда энергетика тармагын жакшыртам деп сырттан 98 миллиард 296 миллион сомду түзө турган карыз алган.

Кийинки президент Сооронбай Жээнбеков — 26 миллиард 3 миллион сомго чамалуу карыз алганга жетишкен.

Ал эми азыркы президент Садыр Жапаровдун убагында энергетика тармагын жакшыртуу үчүн сырттан бир тыйын да карыз алынган эмес.

Эскерте кетсек, Курманбек Бакиевдин убагында энергетика тармагы үчүн 9 миллиард 296 миллион сомго барабар карыз алынса да, кыш мезгилинде “тезек терүү” керектигин айтып, коомчулукта нааразычылык жаралган эле. Ошол кезде маал-маалы менен электр энергиясы өчүрүлүп, кыштын күнү эл кыйла эле кыйналганы белгилүү.

Ал эми кыска убакытка президент боло калган Роза Отунбаева да башкалардан куру калбай ушул эле тармакты өнүктүрүү  үчүн жогорудагыдай олчойгон насыя алса да, алгылыктуу бир да иш аткарылган эмес.

Энергетика тармагын өнүктүрүүнү шылтоо кылган Алмазбек Атамбаев  сырттан эң көп карыз алган президент катары Кыргызстандын тарыхында калды. Анын учурундагы сырттан алынган карыз  кыргыз элинин мойнуна илинди, бирок эч кандай майнап чыкпаптыр.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда алынган карыз да энергетика тармагында эч кандай жылыш жасай албаган.

Азыркы президент Садыр Жапаровдун кызматка келгенине эки жылдан ашуун убакыт болуп калды. Жогоруда белгиленгендей бул тармакты жакшыртуу үчүн чет өлкөдөн бир сом насыя алынган жок.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери энергетика тармагында эч кандай көзгө көрүнөөрлүк иштер аткарылбаптыр. Ошондон улам энергетика таңсыктыгы жаралып, тарифти көтөрүү маселеси каралып жатат.

Сырттан бир сом карыз алынбаса да Садыр Жапаровдун тушунда бир нече чакан ГЭСтер курула баштады, жакынкы аралыкта алар пайдаланууга бериле турганы маалым.  Туңгуюкта турган энергетика тармагын саздан чыгаруу үчүн болгон күч-аракеттер жумшалып жатат.

Учурда  мурунку президенттер алган карыздардан кутула баштадык.  Курулуп жаткан чакан ГЭСтер пайдаланууга берилген соң, карыздар тездик менен жабыла баштайт.

Бүгүнкү күнгө чейин канча сырттан алынган карыз  алынганы графикада көрсөтулгөн.

КРсы эгемендүүлүк алгандан бери кайсы өлкө башчысы энергетика тармагына канча насыя алган?

✅1. Курманбек Бакиев — 9 миллиард 296 миллион сом өлчөмүндө;

✅2. Роза Отунбаева — 3 миллиард 416 миллион сом өлчөмүндө;

✅3. Алмазбек Атамбаев — 98 миллиард 7 миллион сом өлчөмүндө;

✅4. Сооронбай Жээнбеков — 26 миллиард 3 миллион сом өлчөмүндө

✅5. Садыр Жапаров — 0 сом.

  • Жыйынтыгында: энергетика тармагынын жалпы карызы 137 миллиард сомго барабар.

Андыктан электр энергиясынын тарифин 23 тыйынга көтөрүп,  башкача айтканда ички инвестиция аркылуу энергетика тармагын биротоло кыйроодон сактап калышыбыз керек. Бул ар бир кыргыз жаранынын милдети. Карыз алсак кайра беребиз, үстөгү менен беребиз, алгандын бергени бар. Андыктан, өз күчүбүз менен жолго салганыбыз туура!

Садырбек Калдарбаев, ардагер

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button