КоомМаданият

Актёр Кубандык Камалов үй-бүлөсү менен көчөдө калганын айтты

Шамбала», «Чек Арада», «Таң алдында» сериалы, «Көк бөрү», «Кыялкечтер», «Жалбыз» тасмаларында тартылган актёр Кубандык Камалов 2005-жылдан бери жашап келген үйүнөн ажырап калды.

Анын айтымында, 7-мартта аны 2 баласы жана ата-энесин соттун чечими менен деп көчөгө чыгарып салышкан. «Өз үйүбүзгө өзүбүз кире албай калдык. 2 балам, ата-энем менен азыр кошуналар тигип берген боз үйдө жашоого аргасыз болуп жатам»,- деди алОктябрь РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. «Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 2020-жылдын 20-январында жарандарды Рухий Мурас конушундагы үйүнөн мажбурлап чыгаруу жөнүндө аткаруу баракчасы берилген.  2023-жылдын 1-мартында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына соттун чечимин аткаруу тууралуу кат жөнөтүлгөн. Буга байланыштуу соттун чечимин аткарууда коомдук тартипти сактоо максатында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын участкалык милиция кызматкерлери жөнөтүлгөн. 

Бул факты Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жаран Д.Ч. менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан кийин ал келем деген убада менен бошотулган»,- деп айтылат маалыматта.

Ал буга чейин да биздин редакцияга кайрылып, төмөнкүлөдү айтып берген.

 2012-жылдары апам дүкөн иштетип жүрүп Назира деген аял менен таанышып, андан пайызга акча алып иштеген. Эгер ал төлөнбөй калса, эртеси пайыз эки эсе кошулуп отура бермек. Апам пайызын төлөй албай калганда алган сумманы берип, «сенден карызым» жок деп айтып, Москвага кетип калган. Бирок эч кандай тил кат жазылган эмес.

Апам Орусияга кеткенде ал аял Октябрь РИИБиге менин апамдын атынан «257 миң сом алдым, 10 айдын ичинде 10 пайызы менен төлөп берем» деген таризде жазылган тил катты калтырып, акчаны бербей жүрөт деп апамдын үстүнөн арыз жазган. Апам Орусиядан келбей 1-сот апамсыз өтөт. Анда аял соттук процессте апамды 6 тил кат менен акча алды деп өзгөртүү киргизген. Жасалма тил каттарды тиркеп, апама 500 миң сомдон ашык сумманы карыз кылышат. Апам менен ал аялдын ортосунда нотариалдык негизде эч кандай документ жазылган эмес.

«86 миң сом алдым» деген бир тил каты апам Орусияда жүргөн кездеги дата менен жазылган экен. Аны биз «Кыргыз темир жолунан» Орусияга кеткени тууралуу, 4 жылдан кийин «Манас аэропорту» аркылуу учуп келгенин тастыктаган документтерди чогултуп, сотко тапшырганбыз. Ал документ каралган жок да, жасалма тил каттардын негизинде бизди учурда 660 миң сом карыз кылып чыгарып коюшту.

Алар соттун чечими менен апамдын наамына жазылган документтерди сырттан эле жокко чыгарып, ал аялдын наамына жаздырып коюшкан. А бирок үйдүн кызыл китеби, техпаспорт биздин колубузда турат. Коммуналдык төлөмдөр апамдын наамына келип жатат, аны төлөп дүмүрчөктөрүн сактап жүрөбүз.

Айта берсе, окуя көп. Кыскасы, соттор менен жактоочу тил бириктирип, жасалма документтерди жасап, биздин үйдү тартып алганы жатат. Учурда алар биз жашаган 5 бөлмөлүү үйдү 1 миллион 273 миң сомго баалап, 27-июлга чейин чыгып кеткиле деп жатышат, — деген актер.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button