Пайдалуу кеңештер

Адис жооп берет: Орозодон кийин ичеги-карын оорулары менен кайрылгандар көбөйөт

Орозо кармоодо адамдар көбүнесе туура эмес тамактанып, өздөрүндө бар ичеги-карын ооруларын күчөтүп алышат.  Анын айтымында, ооз бекитүүдө тамак жебей калуу организм үчүн коркунучтуу эмес, бирок сөзсүз түрдө суу ичүү керек.

Орозо кармоо же болбосо узак убакытка ачка болуу ден соолук үчүн пайдалуу, бирок анын эрежелери так сакталышы керек. Мисалы, кечке ачка жүрдүм деп ооз ачкан соң көп тамак жеп алуу ашказан, ичеги-карындын иштешин бузат. Ошондой эле газдалган суусундуктар, таттуу, ун азыктарын ашыкча жеген да зыян. Орозодо ооз ачкан соң кадимкидей эле бир адамга ылайыкталган, сиңимдүү, жеңил тамактардан жеш керек. Анын ичинде түрдүү жаңгактар, жашылча-жемиш, белок сөзсүз болушу шарт. Дасторкондон өтө тоюп албаган абалда туруп кетүү керек. Ошону менен катар эле суусундуктардын таттуусуна, газдалганына басым жасабай жөн гана таза суу ичүү жетиштүү. Түнү менен оозум ачык деп эле тынбай жей берген болбойт. Байкалбаганы менен бир момпосуй жеп, таттуу суу ичип отуруп биз ашказаныбызды эс алдырбай коёбуз. Мындай ыкма менен орозо кармоо адамдагы бар ичеги-карын ооруларын күчөтүп, жок болсо, тескерисинче, пайда кылат. Тилекке каршы, биздин өлкөдө орозодон соң түрдүү ичеги-карын ооруларына даттанып кайрылгандардын саны көбөйөт.

Интервал менен ачка болууда организмде сууну кармап туруу үчүн туздуу азык же туздун өзүн жегендин зарылчылыгы жоктугун кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button