Окуялар

Токмокто өрттүн кесепетинен алты айлык ымыркай чарчап калды

Токмок шаарында өрттүн кесепетинен алты айлык ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде Токмок шаардык милициясына Овчаров көчөсүндө жайгашкан үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган даректе жашаган 48 жаштагы У.А. аттуу аял бөлмөдө жайгашкан мешке от жагып, жанындагы тапчанга 6 айлык небересин жаткырып, короого чыгып үй жумуштарын менен алектенген.

“Бөлмөдөн өрт чыгып, ичиндеги бөбөк өрттүн кесепетинен чарчап калган. Ымыркайдын сөөгүн жардамга келген бейтааныш жаран алып чыккан. Өрт шаардык өрткө каршы кызматы тарабынан өчүрүлгөн” , — деп белгилешти милициядан.

Аталган факты Токмок шаардык милициясына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Тиешелүү укуктук экспертизалар дайындалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button