КоомСпорт

ИИМдин Ички аскер кызматкерлери эл аралык турнирде биринчи орунду ээлешти

2023-жылдын 13-майынан 15-майына чейин Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7708 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнүн мыкты спортчуларынын арасында кол кармаш урушу боюнча болуп өткөн эл аралык турнирге катышты.


ИИМдин Ички аскерлеринин 7708 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери 73 кг салмак категориясында ефрейтор Каныбеков Ынтымак Алмазбекович өзүнүн Өзбекстандан келген атаандашын ийгиликтүү жеңип, ардактуу 1-орунду ээлесе, ал эми ошол эле аскер бөлүктүн аскер кызматкери кенже сержант Саматов Дияс Саматович 73 кг салмакта титулдук кур үчүн кармашта Өзбекстандан келген мушкерди 30 секунд аралыгында жеңип 1-орунду ээледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button