Саясат
ВИДЕО: Ысык-Көлгө саммитке катыша турган соңку конок Шавкат Мирзиёев келди
Ысык-Көлгө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Аны «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Ал 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчылары менен Европа кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусуна катышуу үчүн келди.
Буга чейин Казакстан менен Тажикстандын президенттери жана Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары келген.