Аналитика

Коррупцияга аралашкан мамлекеттик кызматкерлердин эсебинен миллиарддаган сомдор казынага түштү

Өткөн жумада Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын жарым жылдык иштери боюнча жыйын болгон. Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин коррупция менен күрөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу билдирүүсү коомчулуктун кызыгуусун арттырды.

Камчыбек Ташиевдин маалыматына ылайык алты айдын аралыгында мамлекеттик жана башка кызматтардын кызматкерлерине 831 кылмыш иши козголгон. Алардын “эсебинен” республикалык бюджетке 6 миллиард сомдон ашык каражат өндүрүлгөн. Кылмышка шектүүлөр же кылмышын мойнуна алгандар мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурушкан, мыйзамсыз менчикттеп алган мүлктөрүн кайтарышкан.

Ал эми 2020-жылы дал ушул эле коррупция менен күрөшүүдөн республикалык бюджетке 120 млн сом түшкөн. 2021-22-жылдары коррупционерлерден 11 млрд сомдон ашык каражат өндүрүлгөн.

Коомчулукка белгилүү болгондой, мамлекетибиздин эгемендүүлүк тарыхында 2023-жылдагыдай мамлекетти уурдап, тоногон, жемкорлор менен күрөшүү болгон эмес. Коррупция менен күрөшөбүз деген чакырык гана болуп, ал иш жүзүнө ашкан эмес. Тескерисинче, мамлекеттин ырыстуу жерлерин, мүлктөрүн, кирешелүү ишкана-мекемелерди сатып, менчикке чыгарып, бийликтин айланасындагы бир ууч топ гана байып келгени белгилүү. Мисалы, Акаевдин бийлиги маммүлк фонду аркылуу 342 мүлктү саткан. Бүгүн алардын кожоюдарынын басымдуу бөлүгү өлкөдөгү эң бай адамдар, олигархтар! Кыргызстандын коррупцинын уюгуна айланып, тамырлашып кеткенине дал ушул бир ууч топ күнөөлүү!

Камчыбек Ташиев башында турган улуттук коопсуздук мамлекети комитети ар кайсы тармактар боюнча күн алыс же күнүнө 2-3төн коррупция шектүү кызмат адамдарын кармап жатат. Акыркы кармалган мурдагы министр Динара Кутманованы эске албаганда, кармалгандар көбүнчө жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, курулуш, транспорт, жол, билим берүү, Каттоо кызматынын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары болууда. Мындай көрсөткүч эмнени билдирет? Албетте, коррупциялык иштер айылдык депутаттардын, айыл өкмөттөрүнүн адистеринин деңгээлине түшкөн. Мамлекеттин бюджети чектелүү, ченелүү, эсептүү экенине карабастан майда чиновниктер баш болуп бюджетке колун салып, тоноп келишет.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 25-июлунда “Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Ага ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик сатып алууларда тендер процесси жоюлду. Мындан ары тендер деген нерсе болбойт. Бул мыйзамды, кабыл алынган чечимди коомчулук абдан кубаттоо менен кабыл алып, социалдык тармактарда мамлекет башчыларынын саясый эркине баа берип, жакшы  пикирлерин жазышты.

Айта кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кызматкерлери, жетекчилери дал ушул тендер өткөрүү процесстеринде коррупцияга барышкан. Тендерге өздөрүнүн тааныш, туугандарын чакырып, алар менен жең ичинен сүйлөшүп, кайсы бир курулушка бөлүнгөн акчанын тең жарымын сол чөнтөккө салышкан. Натыйжада, сапатсыз мектеп, сапатсыз бала бакча, жарым жылга чыдабаган жолдор …

Кыргызстанды сырттан караган кишиге өз казанында быкпырдай кайнап, социалдык объктиелрдин курулуштару күчөп, жол, суу боюнча ири долбоорлор башталып, эл аралык мамилелер жогорку деңгээлге чыгып, ошол эле учурда ичтен чыккан жаттарды жазалап, уурулардын колун кайрып, жолун тосуп, чоң күрөштүн үстүндө келе жатканы байкалат.

Камчыбек Ташиевдин “мамлекеттик кызматкерлердин коррупцияга кашыттыгы боюнча өтө катаал жана кечиримсиз чаралар көрүлөт” дегенин ар бир аткаминер эске алыш керек!

Садырбек Асанкулов

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button