Эпостун Мар Байжиев жазган версиясы балкар тилине которулуп, бет ачары Россиянын Кабардин-Балкар Республикасынын борбору Нальчик шаарында өттү.
Котормону Кыргызстанда туулуп-өскөн Сакинат Мусукаева ишке ашырса, китепти чыгарууга Россиянын Карачай-Черкесия Республикасынын эл акыны, «Минги-Тау» адабий журналынын башкы редактору Аскер Додуев көмөк көрсөткөн.