Без рубрики

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жергиликтүү тургундан опузалап акча алгандыгы үчүн кармалды

Бишкек шаарында ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жергиликтүү тургундан опузалап акча талап кылып жаткан 1990-жылы туулган С.А. аттуу жаранды кармашты. Кармалган жаран уюшкан кылмыштын активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Кылмышкер 16-мартта Бишкек шаарында ыкчам-издөө иш-чаралары учурунда кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын КЖКнин 208-беренесинде (опузалап талап кылуу) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө болгон.

Тергөөнүн маалыматы боюнча окуя мындай болгон, 33 жаштагы С.А. 2024-жылдын январь айынан бери Бишкек шаарынын тургунунан акча талап кылган. Ал, жабырлануучунун карызы жөнүндө билип алып, үйүнө келип, физикалык кысым көрсөтүп, карызды эскертип, коркутуп акча талап кылып баштаган. Ошентип опузалап жатып 65 000 сом акча каражатын алган. Бирок опузалап акча алууну токтотпой дагы 100 000 сом өлчөмүндөгү акча талап кылып, 30 000 сом акчаны алып жатканда кармалган. Ал 30 000 сом алуу үчүн тааныш адамын жиберип, окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button