Коом

Кыргызстанда былтыр өрттөн 35 адам каза болду

Кыргызстанда 2023-жылы баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болуп дагы 31 киши жараат алган.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирип, өткөн жылы тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келгенин кошумчалады.

Өрт кырсыктарынын көбү электр жабдууларын этиятсыздыктан колдонуудан улам чыккан. Андан тышкары мештерди жана морлорду колдонууда да өрт коопсуздугу сакталбаганы негиз болгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button