Дүйнө

«Крокустагы» теракта көз жумгандардын ичинен 84 сөөктүн кимдики экени такталды. ТИЗМЕ

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Крокус сити холлдо» жасалган терактыдан көз жумгандарды саны 143кө жеткенин билдирип, тизмесин жарыялады.

Анда 143 кишинин аты-жөнү жазылган. Россиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, бүгүн 84 сөөктүн кимге тиешелүү экендиги аныкталган. Булардын ичинде курагы 9дан 16га чейинки беш бала бар экени маалым болду.

Баш-аягы 143 адамдын дайынсыз болуп жатканы тууралуу арыз түшкөн. 182 киши жаракат алган.

2024-жылдын 22-мартында кечке жуук «Крокус сити холлдун» концерттик залында теракт жасалган. Буга байланыштуу 11 адам кармалып, 8 киши камакка алынды. ФСБ билдирген маалыматка таянсак, террорчулар колдонгон куралдар мурда жашыруун жерде атайын сакталып турган.

Тизмени бул шилтемеден окуңуз:

https://mchs.gov.ru/deyatelnost/press-centr/novosti/5239133

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button