ДүйнөКоом

ТИМ: «Крокустагы» теракттан улам жабыркагандардын тизмесинде Кыргыз жарандары жок»

Тышкы иштер министрлиги «Крокус сити холл» концерттик залында болгон теракттан улам жабыркагандардын тизмесинде 28-мартка карата Кыргыз Республикасынын жарандары жок экендигин билдирди.

Ошол эле учурда элчиликтин кызматкерлери Красногорск шаарындагы медициналык мекемеге жабыркап түшкөн жашы жете элек орусиянын жарандыгын алган этникалык кыргызга барып, ден соолугунан кабар алышкан. Учурда аталган жарандын ден соолугу жакшы болуп, үйүнө чыгарылды.

“Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын эки жаранына карата мурда дайындалган генетикалык экспертизанын жыйынтыгы азыркы учурда чыга элек. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын элчилиги аталган жарандардын ата-энелери менен тыгыз байланышта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button