Коом
Бишкектеги өзгөчө кырдаал режими үч күнгө созулат
Бул тууралуу вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев билдирди.
Учурда комиссия чыгымды эсептөөдө. Бийлик анын корутундусу менен шамалдан жабыркаган имараттарды калыбына келтире баштайт.
Жалпысынан шаар боюнча 70ке жакын бак кулаган. Вице-мэр шаар тазаланып, азыраак иш калганын айтты. Мэрия үйлөрү бузулгандарга комиссиянын чечими боюнча жардам караларын убадалады.