Окуялар

Эки өспүрүм кызды эч ким уурдаган эмес, жалган маалымат тараган

22-январь күнү интернеттин кыргыз сегментинде Панфилов районунун Эркин-Сай айылында эки кыз уурдалгандыгы боюнча аудио билдирүү тараган.

Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы өздөрүн Эркин-Сай айылынын тургундарыбыз деп тааныштырган аял менен эркектин балдарын эч ким уурдабаганын айткан видеосун жарыялашты.

Видеодо өзүн Нурбек Бообеков деп тааныштырган адам кыздардын биринин атасы экенин, анын кызын эч ким уурдабаганын айтат. Экинчи кыздын энесимин деген Жийдегүл Шаршембиева дагы кызы үйүндө, аман-эсен экенин билдирген.

22-январда эки кичинекей кыз уурдалганы боюнча аудио жана видео тарап,  кийин милиция сөз болуп жаткан кыздарды суракка алган учурда «дал келбөөчүлүктөр болуп жатканын» айткан.

Бул факты кандай максатта тараганы тууралуу кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button