Окуялар
Сузакта эки жашар жетим наристени туугандары сабап өлтүрдү
Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда эки жаштагы жетим бала ур-токмоктун айынан чарчап калды.
27-январда күндүзгү саат 13.30дар чамасында Сузак районунун Октябрь айылында 1917-жылы төрөлгөн А.Б. чарчап калганы тууралуу милицияга кабар жеткен.
Окуя болгон жерге барган тартип сакчылары өлгөн баланын денесинде көгала тактар бар экенин көрушкөн.
Бөбөктүн өз апасы 2019-жылы каза болгон, ал эми атасы учурда Россияда иштейт. Чарчап калган наристени туугандары багып жатышкан. Баккан үй-бүлөнүн да кичинекей балдары болгон.
Учурда чарчап калган наристенин сөөгү соттук-медициналык-экспертизага жөнөтүлүп, бөбөктү сабап өлтүрүүгө шектелген үй ээси сурак берип жатат.
Abal.kg