Дүйнө

Кургак учукка каршы эмдөө дүйнөнү коронавирустан куткарабы?

Эмне үчүн экономикасынын өнүгүүсү  жагынан алдыңкы мамлекеттерден бир кыйла, же алда канча төмөн турган бир катар өлкөлөрдө, COVID-19 жуккан жана андан көз жумгандар боюнча көрсөткүчтөр өтө эле төмөн деген суроо жеке эле окумуштууларда эмес, эми катардагы граждандардын да суроосуна айланды.

Бразилиянын табышмагы

Маселен ошол эле  экономикасы өтө алдыга озбогон Бразилияда сыркоологондор да,  көз жумгандар да Италия, АКШ, Испания, Нидерданддарга  караганда алда канча аз экени таң калтырбай койбойт. Джонс Хопкинс университетинин долбоорунун  малыматы боюнча Бразилияда COVID-19 жуктурган 3477 учур катталып, 93 адам көз жумган, деп билдирди “Интерфакс” 28-мартта. Салыштырып көргүлө:  Бразилиянын эли ушул тапта 212 миллиондон ашык. Жылдын аягына чейин 220 миллонго жеткени турат. Элинин саны жагынан Бразилия Америка континенттериндеги 333 миллиондой калкы бар АКШдан кийинки экинчи мамлекет. АКШда ушул тапта коронавирус жуктургандардын саны 124 миңге жетип, көз жумгандар 2 миңге чамалады. Ал эми 60 миллион эли бар Италияда бул илдетке чалдыккандар дээрлик 100 миңге чамалаганын, каза тапкандар 11 миңге жетип калганын Украинанын “Европейская правда” маалымат агенттиги 29-мартта маалымдады. Дагы бир таң калычтуу жагы мындан 5 күн мурда пандемия күчөп аткан ушул учурда Бразилиянын президенти  Жаир Болсонару коронавирусту “кичинекей грипп” деп атап, карантинди токтотуп, элди кайрадан жумушка чыгууга чакырганын дүйнөлүк ММКлар кабарлап чыгышты.

Европа менен АКШ  кургак  учукка каршы эмдөөнү эстешти

Мунун сыры эмне деген мыйзамченемдүү суроонун жообу, бүгүн 30-марттан баштап Евроньюс каналы, Улу Британияда атайын карыларды сыноо тобу катары кадимки эле кургак учукка каршы эмдөөдөн (БЦЖ) өткөрүүгө даярданып атканын, АКШ ушул каражатты ревакцинация жасоону колго алганы турганын жар сала баштагандан кийин табылды деп эсептөөгө болот.

Австралиянын Мельбурнунда дагы сыноо тобу катары врачтардын өздөрүн кургак учукка каршы  эмдешип, бир нече айдын ичинде сынап көрө турган болушканы да ушундан кабар берип турат. Муну Popmech.ru сайты 30-мартта маалымдады.

СССР, КМШ, Бразилия, Португалия – бир талаанын жемиштериби?

Кайрадан Бразилияга келе турган болсок: бул өлкө СССР жана андан кийинки КМШ мамлекеттери сыңары эле, кургак учукка каршы эмдөөнү милдеттүү түрдө жүрүгүзүп келе жаткан мамлекеттердин катарына кирет. Ошондой эле эпидемиологиялык абалы коңшулаш Испанияныкынан алда канча жакшы Португалия кургак учукка каршы милдеттүү түрдө эмдөөнү 2017-жылы гана токтоткон. Кытай өткөн кылымдын 70-жылдарында эмдөөнү солгундаткан. Испания кургак учукка каршы эмдөөдөн мындан дээрлик кырк жыл мурда баш тарткан. Ал эми АКШ сыяктуу өнүккөн өлкөлөр кургак учукка каршы эмдөөнү дээрлик жасабаган мамлекеттердин катарына кирет.

Демек, кургак учукка каршы эмдөөнү милдеттүү түрдө жүрүгүзүп келаткан Бразилияга, анын пайдасы эми тийип жатабы?

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button