Аналитика

Профессор: Кыргызстандагыдай күн жакшы тийген, кургак, бийик жерде вирус бат өлөт

Азыр бара-бара күн ысыган сайын коронавирустун күчү басаңдайт деген божомол пикирлер илимий чөйрөдө айтылып жатат. Бирок ошол эле убакта күн ысык мамлекеттерде деле коронавирус токтобой жатканы белгилүү. Би-Би-Си Кыргызстандагы вирусология боюнча чоң адис, профессор, ветеринария илимдеринин доктору, Кыргыз агрардык университетинин ректору Рысбек Нургазиевден коронавирустун жайылышындагы сезондук, климаттык факторлордун таасирин, жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн сурады.

Ультра-фиолеттик нурлар вирусту бат эле, эки-үч сааттын ичинде эле өлтүрөт

Р. Нургазиев: Чочко тумоосу болгондо күн ысык мамлекеттерде деле тарап кеткен. Ошол эле Мексикада, Индияда, Бангладеште ошондой болгон. Ысык мамлекеттердин да ар кандай климаттык өзгөчөлүктөрү бар да. Мисалы, ысык болгон менен нымдуулугу жогору мамлекеттер бар, мисалы Таиланд, Индия, Мексика ж.б.

Бул жерде көп фактор бар. Биринчиден бизде Кыргызстанда жана бүт дүйнөдө жүрүп жаткан санитардык карантиндик чаралар бир жардам берет. Экинчиси, Бишкек шаары деңиз деңгээлинен 800 метр бийик турат. Ысык-Көл, Нарын жакта миң метрден жогору кетет. Улам жогорулаган сайын ультра-фиолеттик нурдун күчү да жогору болот. Ультра-фиолеттик нурлар вируска абдан чоң таасирин тийгизет. Бат эле, эки-үч сааттын ичинде эле өлтүрөт. Мисалы, картондо эки-үч күн, пластикте беш күн сакталат деп айтып жатпайбызбы. Эгер пластик деле күндө турган болсо, эки-үч саатта жок болот.

Биздин өлкөдө аба ысык жана кургак келет. Ысык жана кургак климат вирустарга катуу таасирин тийгизет. Ошондуктан бизде күн жылыган сайын мурунку грипп оорусу сыяктуу эле басаңдайт деп ойлоп жатабыз.

Кээ бир ысык мамлекеттерде кондиционерсиз жашай алышпайт. Ал эми кондиционердин ичинде нымдуу абада вирустар үч-төрт саатка чейин сакталып калат экен. Эгерде вирус бир адамге эле жукса, ошол бөлмөдөгү башка адамдарга тарап кетет.

Ал эми бизде күн абдан жакшы тиет, ошондуктан апрелдин аягында, майдын башында басаңдайт деген прогноз бар.

Корнавирус бизде сакталып калбасын десек Бишкек ыштан арылышы керек

Ошол эле учурда биздеги бир өтө олуттуу маселени айтып коюшубуз керек. Мына,  кышында Бишкектин үстүн бүт кара туман каптап туруп жатат. Андан ультра-фиолет нурлар өтө албайт. Окумуштуулар азыр коронавирус сезондук гриппке айланып калышы мүмкүн деп атышат. Шаарды кара ыш басып, нурлар өтө албай калганда вирустар катуу ылдамдык менен тарашы мүмкүн. Ошону эске алышыбыз керек.

Эгерде сезондук гриппке айланып кете турган болсо, вирус айлана-чөйрөдө көпкө чейин сакталыш калышы мүмкүн. Биз ошону да эске алышыбыз керек.

Улам бийиктеген сайын вируска күндүн терс таасири күчтүү болот

Би-Би-Си: Деӊиз деӊгээлинен канчалык жогору жашасан ошончолук вирустун күчү алсырайт деп дагы тыянак чыгарса болобу?

Р. Нургазиев: Эгерде ал жерде күн жакшы тийсе. Мисал үчүн Бишкекте 30 градус болсо, ал эми Ысык-Көлдө 30 градус болсо деле айырмасы жогору болот. Себеп дегенде көл зонасы өйдө турат, 1600 метр. Ошол үчүн айтабыз да көлгө барганда дайыма кийинип жүргүлө, күйүп каласыӊ деп. Ошон үчүн тескери таасирин абдан жакшы тийгизет вирустарга.

БЦЖ алгандарда түбөлүктүү иммунитет пайда болот

Би-Би-Си: Мына мурдагы совет өлкөлөрдө жашаган элге жасалган эмдөөлөрдүн жардамы тийиши мүмкүнбү деген дагы суроолор болуп атат. Же болбосо жанагы гриппке каршы адамдар улам вакцина алып атпайбы. Коронавирустун жаӊы түрүнөн коргонууга ошолордун жардамы тиеби?

Р. Нургазиев: Бул жерден эки маселени карашыбыз керек. Биринчи грипптен баштайын. Бул негизи дем алуу органдары жабыркаткан оору, мындайча айтканда орусчасын ОРВ деп коет. Бул көпчүлүк вирустарда, жалгыз эле коронавируста эмес. Ошол үчүн Кытайдагы изилдөөлөр боюнча коронавирус менен ооругандардын көпчүлүгү эки инфекция менен өткөн деп атышат. Ошол грипп, анан коронавирус менен. Ошолордун арасынан мурун гриппке каршы вакцинация алгандарда жеӊил формада өтүптүр. Бул маалымат илимий-чөйрөдө жакшы эле тарап атат. Себеби дегенде эки вирус киргенде, гриппке каршы мурун вакцинация алгандарда организм бир эле вирус менен күрөшүп калат, коронавирус менен. Ошол үчүн аларда жеӊил өтүп атат. Ал эми гриппке каршы менен вакцинация албагандарда эки вирус киргенде катуу ооруп жатышат да. Бул ушул жагынан жардам бере алат да.

Бирок гриппке каршы вакцинация албагандарда жалгыз эле коронавирус кире турган болсо, жардам бере албайт. Бул бир жагы. Экинчи жагы, жанакы туберкулезго каршы БЦЖ менен вакцинация алгандар боюнча. БЦЖ алгандан кийин ал организмде түбөлүктүү иммунитет пайда болот. Ошон үчүн бул БЦЖ алгандардын организминде дайыма иммундук системасы кайсы бир инфекция келсе, ага каршы даяр болуп турат. БЦЖ иммундук системаны дайыма ойготуп турат. Иммундук система даяр турган үчүн батыраак реакция берип, организмдин коронавируска каршы күрөшүнө кичине жардам берет. Муну дагы азыр илимий чөйрөдө дагы талкуулашып атат.

Бул адамдын өзүнүн физиологиялык акыбалына жараша

Би-Би-Си: Иммунитети күчтүү адамдарга коронавирус коркунучтуу эмес, жеӊил өтөт деп атышпайбы. Үйүндө жатып эле дарыланып, сакайып кеткенин айткандар да болуп жатат. Үйдө жатып дарыланып, таза сакайып кеткенге чын эле болобу?

Р. Нургазиев: Мисалы үчүн Россияда деле айтып жатпайбы, жеке эле коронавирус эмес, грипп болобу, ооругандардын 40 пайызында клиникалык белгилери жок өтөт. Билинбеген формада өтөт. Эгерде ошол клиникалык белгилери болгондо дагы, үйүндө эч ким жок болсо, өтө кыйналбаса, 14-15 күн үйүндө отуруп дарыланса да болот. Ошон үчүн Россияна канча миӊдеген кишилер үйүндө отуруп эле, врачтар менен байланышта болуп, дарыланып жатышат. Ал үчүн алар эч ким менен контактта болбош керек.

Эгерде организм күчтүү болсо, бирок антейин десек, кээде Россиянын статистикасын алсак, спорт менен машыккан адамдар деле ооруп калып атат. Ошондуктан бул ар бир адамдын өзүнүн физиологиялык акыбалына жараша да болот. Бирок негизинен эгерде оорусу билинип калса, эгерде ал менен эч ким контакт болбосо, эч кыйналбаса, үйдө отуруп деле дарыланса болот.

Үй жандыктары вирустан коргойбу

Би-Би-Си: Польшалык окумуштуулар үйүндө мышык же ит баккан адамдарда коронавируска иммунитет чыдамдуу болот деп жатышат. Бул көз караштан алганда, мындай артыкчылык эзелтен тоо арасында мал багып жүргөн кыргыздарга да тийиштүү да?

Р. Нургазиев: Мышыктарда өзүнчө коронавирустар бар, аларга көпчүлүк учурда вакцинация жасалып турат. Ал эми илимий көз караштан алганда, ошол эле ит да, мышык да дем алып жаткан аба менен адам дагы дем алат. Бирок мышык менен иттердеги вирустар адамга жукпайт. Эгер жуга турган болсо, бири-бирине тарап кетмек. Бирок ошол эле убакта алар коронавирустан да коргобойт. Ит менен мышыктардын кандайдыр бир вирустары адамга кириши мүмкүн, бирок иммундук система өзү каршы реакция кылып, организмди коргоп, башка келген бактерия, вирустарга да даяр турат. Ошол көз караштан түшүндүрүлүшү мүмкүн.

Вирус эмнеден жукту

Би-Би-Си: Коронавирус жарганаттан жукту деп айтылды, башка жерде жашыруун биолабораториядан чыкты дегендер да болуп жатат. Окумуштуу чөйрөдө кайсыл версиясын чындыкка жакын деп кабыл алышууда?

Р. Нургазиев: 2003-жылы Кытайда өпкөнү сезгенткен пневмания (SARS) болгондо дагы анын козгогучу коронавирус болгон. Кытайдын жана башка мамлекеттердин окумуштуулары ошол вирусту бөлүп алышып, анын геномун изилдешкен. Ал эми 2019-жылы чыккан Covid 19 вирустун 2003-жылдагы вирустан айырмасы 20%, калган 80% бүт туура келет.

Ырас, илим жетишкен мамлекеттерде синтетикалык вирусту чыгарганга көп мүмкүнчүлүк бар. Бирок азыркы учурдагы вирусологиялык, иммунологиялык чоң борборлор вирустун геномун чечмелегенден кийин жарганаттардын вирусуна 90-97% чак келет экен. Ошон үчүн аны табигый түрдө тараган деген негизги корутунду чыгып жатат илимий чөйрөдө. Мен да буга кошулам. Жарганаттарда бул вирус көптөн бери жүргөн жана андан адамга жуккан болушу мүмкүн.

Булак: Би-Би-Си

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button