Аналитика

Эмне үчүн Кытай менен чектеш Вьетнамда ооругандар жокко эсе, көз жумгандар жок?

Вьетнам 96 миллион эли бар, 331 700 чарчы километр территорияны ээлеген мамлекет (террриториясы Тажикистан менен Кыргызстандан 2 эсеге жакын чоңураак) – калкы өтө тыгыз жашайт.  Кытай менен 1100 чакырымдан ашыгыраак жалпы чек арасы бар. Ушундай факторлордон улам, иш жүзүнө келгенде бул өлкөдө Италиядан кем калбаган трагедиялуу көрүнүш болуш керек эле. Бирок, тескерисинче акыркы 3 айдын ичинде 270 гана киши коронавирус жуктурган. Бирөө да көз жумган эмес. “Европа, Азия менен Американын өнүккөн өлкөлөрүндө миллиондогон адамдар вирусту жуктуруп, жүз миңдеген киши көз жумса, эмне үчүн бул өлкөдө абал башкача?” деп суроо берип, жооп издеген “Аргументы и факты” гезити, 30-апрелде.

Газетаны барынан да таң калтырганы, эч нерсе жаап-жашырылган эмес. Баары ачык-айкын.

Солдаттар, дрондор жана беткаптар

Вьетнам Социалистик Республикасында инфекция жуккан биринчи учур 23-январда 2020-жылы катталган — Кытайдын Уханынан Ханойдогу уулун көргөнү келген улгайган кыйтай киши  баласына илдетти жуктурган. Экөөнү тең ооруканага жаткырышкан.  Уулун бир жумадан кийин, атасын 20 күн өткөн соң ооруканадан чыгарышкан.

Вьетнам бийлиги жаңыдан эле “өх” дегенде, Кытайда иштеген вьетнамдыктар кайтып келе башташкан. 7  — февралда өлкөдө COVID-19 менен 13 киши кайтталган да, анан дароо өсө  баштаган. Бийлик мектептердин баарын токтоосуз жапкан. Мамлекетти жападан жалгыз башкарган Коммунисттик партия илдетке каршы күрөшө турган ыкчам штабды дароо түзүп,  ооруканалардын эпидемияга даярдыгын текшерүүгө киришкен.

Өтө чукул убакыттын ичинде ооруканалар үчүн жаңы жабдуулар, анын ичинде өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар сатылып алынган. Мыкты врачтардын баарын ишке токтоосуз киргизишип, жаңы койкалардын санын көбөйткөн.  А чынында Вьетнам Япония менен Түштүк Кореядан айырмаланып, медицинасынын сапаты менен мактана албайт. Ошентсе да бул тармактан акчаны аяшкан эмес. Мындай реакциянын себеби — 2003 –жылы Вьетнамда  атипичная пневмония чыгып, 63 киши жуктуруп, 5и көз жумган.  

Курмандыктын аз болгонуна карабастан, ошондо эле өлкөнүн өкмөтү тийиштүү жыйынытык чыгарган – инфекцияны дароо жана кандай жолдор менен  болбосун токтотуу зарыл.

Карантинди адегенде  Ханой менен Хошиминдин оорулуулардын үй-бүлөөлөрү  жашаган айрым райондорун блоктоодон башташкан. Көчөнү аскер күзөтү кыдырып, абага көзөмөлдөөчү функциясы бар дрондорду чыгарышкан. Тамакты адамдарга мамлекеттин эсебинен бекер, пакеттерди эшиктердин алдына калтырып контактсыз жеткирип турушкан. Изолияцияга кол шилтеп коюп туугандарыныкына, же досторунукуна кетип калуу деген таптакыр болгон эмес. Жуккандардын, жугузгандардын баарын эч кимисин калтырбай иликтеп чыгышкан. Тесттерди болсо кымбат экенинен карабастан Түштүк Кореядан жетиштүү санда дароо сатып келишкен. Беткаптар  Россия, АКШ менен Европадан айырмаланып, аптекаларда эң төмөнкү баа менен жайнап сатыла баштаган. А бир аз өткөндөн кийин, апрелде  ыктыярдуулар (волонтерлор)  көчөдө беткаптарды бекер таратышууда.

Камоолор, фейктер жана имбирь

2019 –жылы 31-декабрда, Кытай вирус жуктурган биринчи бейтап тууралуу айтаар замат эле, Вьетнам өкмөтү ошол эле күнү мамлекеттик кызматтагылар, армия менен полиция масштабдуу эпидемияга даяр турушун эскерткен билдирүүнү жарыялап, ага каршы күрөшүү планын эмитен иштеп чыгыш керек экенин тапшырган.

ЕС менен АКШнын бийликтери пандемия күчөп турган учурда гана жанталашып иш баштаган мезгилде, алдын ала даярданган Вьетнам шайма-шай турган.

Көз ачып жумгуча жасалган катуу  жана катаал чаралар менен коронавирустун тарашына дароо бөгөт коюп, коңшу Кытайда жуктургандардын эсеби күн сайын миңдеп өсүп атканда, Вьетнамда анын жайылышы ондоп гана саналып, бир паста жайлай түшкөн.

Бирок, Вьетнамдын жетекчилиги муну ийгилик катары эсептеп, манчыркап калган эмес. Ал дароо эле опурталдуу өлкөлөргө аба каттамдарын токтотуп, шаар аралык автобустардын жүрүшүнө, дегеле өлкөнүн ичинде ээн-эркин басып-турууга тыюу салып таштаган. Ооруган жарандардын карантинин 14 күндөн 20га, а кээ бир учурларда 40 күнгө чейин узарткан. 16-мартта, өлкөдө вирус жуктургандардын саны 60ка жеткенде, өлкө толук бойдон изолияцияга жабылган.   1-апрелден тартып Вьетнамда эч нерсе иштеген эмес — кафелер, деңиз курорттору жабылып, көчөдө мыдыр эткен жан калбай калган, соода борборлору менен кинотеатрлар иштөөсүн токтоткон. Ошол эле учурда «элдик полиция» интренетте коронавирус тууралуу жалган малыматтарды тарткан, жасалма роликтерди жасаган (маселен, кытайлыктар массалык түрдө Вьетнамга качышты деген сыяктуу) жүз элүүдөн ашык кишини кармаган. COVID-19у дарылайт имиш деген «кереметтүү-таблеткаларды» сатышкан сатуучулар дароо камакка алынган.

Имбирь саткан кызыл кулактар (анын тамыры вирусту өлтүрөт экен деген каңшаар тараган) токтоосуз түрмөгө салынган.

Ушундан кийин түрмөнүн камерасына түшкүсү келгендер табылган жок.

«Бюджет карантини» жана элдин жапырт колдоосу

“Вьетнам бай Түштүк  Корея сыяктуу өлкөлөрдөн кедей болгонуна байланыштуу алар короткондой акчаны чача алмак эмес, ошондуктан биз COVID-19га каршы катуу карантинге негизделген “бюджеттик моделди” киргизгенбиз, -дейт вьетнамдык журналист Ле Тхан Дык. -А ашык каражатты өкмөт медицинага жумшаган. Баарынан да мындай чараларга элдин түшүнүү менен мамиле кылганы өтө чоң пайда берди. Адамдар “жылуу аба-ырайында бизди парктарга сейилдөөгө жибербей жатышат, шишкебек бышырып жейт элек” деп нааразы болгондун оордуна, жапырт түрдө өкмөттүн аракетин колдоп чыгышты. Вьетнамда мындай консолидация жана биримдик Америка менен согуштан бери боло элек болчу”  дейт журналист.

Вьетнамдыктар эпидемияны түйүлдүк кезинде жок кылышты. Акыркы жуманын ичинде өлкөдө бир дагы илдеткке чалдыккан адам катталган жок. 23 – апрелден тартып Вьетнам расмий түрдө көптөгөн катаал карантиндик  чектөөлөрдү алып таштаганын билдирди.

Бирок врачтар тарабынан “коркунучтуу” деп эсептелген Ханойдун конкреттүү райондорунда карантин 30-апрелге чейин сакталат. Вьетнамдын премьер-министри элге, али бел чечүү эрте деп эскертти.  

ВОЗдун (Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюуму) республикадыгы өкүлү Кидун Парк вьетнамдыктардын ийгилигин бышыктады: проблемага эрте чара көрүү ийгиликтин эң башкы фактору болуп калды деп билдирди, ал.  

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button