Окуялар

Ошто кайрадан блокпосттор коюлуп, карантин көзөмөлү күчөтүлдү

Ош шаарына жети жерге кайра кошумча блокпост коюлуп, тартип катуулады. Бул тууралуу Ош шаардык комендатуранын маалымат кызматынын башчысы Жеңишбек Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, кошумча блокпосттор шаардагы ар бир кварталдын кире бериш жерине орнотулду. 

«Жашоочулар карантиндин тиешелүү санитардык эрежелерин сактабай жатат. Ошондуктан бүгүнтөн тарта жарандарды коронавируска каршы күрөшүү үчүн бардык эрежелери кылдат сактоого чакырып, көзөмөл күчөтүлдү. Шаарда буга чейин сегиз карантиндик жана санитардык блокпост бар болчу», — деди Аширбаев.

Ал 1-майдан тарта иштей баштаган 53 ишкана жана үч эт сатуучу жай санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн 4-май күнү кайрадан убактылуу жабылганын кошумчалады.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button