Коом

Нуржигит Кадырбековдон фейктердин зыяндуулугу тууралуу таасирдүү баян (видео)

Акыркы кездерде коомдо, интернет баракчаларында такталбаган, жалган маалыматтарды таратып, элди дүрбөлөңгө салып, айрымдарды шылдыңдап, кемсинткен, ар кандай чакырыктарды тараткан аккаунттардын саны арбып барат. Алардын зыяндуулугу тууралуу КР Маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков таасирдүү баян айтты:

-Бир колунда бар, тектүү адам кул издеп базарга барат экен. Эң мыкты кулуң кайсы десе, мына кулдун кылган-эткендери жакшы, бирок бир гана кемчилиги бар — жалган сүйлөп коет, анан адамдарды чабыштырганды жакшы көрөт, дейт.

Анда мен коркпойм, ишимди кылса болду, деп кымбат баага сатып келет. Арадан бир топ күн өткөндөн кийин ошол кул тектүү адамдын аялына барат экен. Барып айтат, сиздин күйөөңүз жөнүндө бир маалыматым бар эле, ошону айтсам болобу, кааласаңыз айтайын, каалабасаңыз айтпайм деп.

Айт деп айтат, айтпаса да кубалап жүрүп айттырат да. Эмесе, бир жаңылык, сиздин күйөөңүз сиздин үстүңүзгө бир жакшы сулуу аял алганы атат. Бирок эгерде сакалынан 3-4 тал алып келип берсеңиз мен дуба кылып, тилек айтып туруп, кайтарып берем дейт.

Ошол замат аял байкуш кыжалат болуп эмне кылсам деп ойлонуп калды. Устара менен кыркып келиңиз дейт.

Анан күйөөсүнө барып айтат, аялыңыздын оюу бузулду, жакшынакай, келишкен жигитти таап алды, жакында сизди өлтүрүп, байлыгыңыз менен кошо ошого тийгени атат деп. Ишенбесеңиз, кечинде абайлаңыз, сиздин кекиртегиңизди кесип өлтүрөт, колунда устарасы болот, дейт.

Анан кечинде күйөөсү келип, уктамыш болуп атканда баягы устараны алып чыккан мезгилде көрүп калып, колун кайрып, колу тийип, тили тийип, анан өлүмүнө себеп болот.

Эртеси кайын-журту келип, канга-кан деп күйөөсүн өлтүрөт, эки уруу, эл чабышып, аябай көп кыргын болгон экен.

Көрдүңүзбү, фейктин – жалган маалыматтын акыбети ушундай. Азыр адам менен адамды, эл менен элди, үй-бүлө менен үй-бүлөнү, дос менен досту душман кылып атат.

Мунун акыбети жакшылыкка алып келбейт, анткени кайсыл жерде ынтымак-ырк болбосо, кайсыл жерде уруш-талаш болсо, келишпестик, ишенбестик болсо, ал жерде эч качан өнүгүү болбойт.

Мен ойлочу элем мурда, өнүгүүнүн өзөгү экономиканын же билимдин-илимдин өнүгүүсүндө деп. Кийинки мезгилдерде бүт “public administration” деп коет, коомдук башкаруу, мамлекеттик башкаруу боюнча адистер жакшы бир тыянакка келди, ишеним, чынчылдык болмоюн өлкөдө өнүгүү болбойт.

Ошон үчүн мыйзам кабыл алуу азырынча депутаттардын иши, биз таалим-тарбия алып кете берели, маданият, адеп, жоопкерчилик, жарандык-адамдык жоопкерчилик. Бирөөгө зыян тийгизсең эртедир-кечтир ошол айланып келип башыңа келет. Анткени зулумдук эч качан узап кетпейт.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button