Аналитика

Эпидемиянын эпкини. Сабатсыздын ушагын эмес, билимдүүнүн сөзүн угалы

Азыр короодо XXI кылым. Бул кылымды жаӊы маалыматтык технологиялардын, жасалма акыл-эстин кылымы – постиндустриялык кылым деп коёбуз. Учурда бүткүл дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда карапайым адамдардын турмуш-тиричилигине жаӊы маалыматтык технологиялар ургаалдуу жулунуп кирди. Ар бир адамдын колунда уюлдук телефону, смартфону бар. Башкача айтканда, бардык адамдар жаӊы маалыматтык технологиялардын үзүрүн өлчөөсүз көрүп жатышат.

Бирок, жердештерибиздин алаӊгазар кылык-жоруктары, көрбөй-билбей, аныгына жетпей туруп, «Баланча аял айтыптыр» деген өӊдүү имиштерге ишенүүсү, тилекке каршы, алигиче тыйылбай келет. Бир мисал, COVID-19 пандемиясы катуу соккуларды урганга чейин, ушул июль айына чейин, көпчүлүк караламан калк, «Мындай оору жок, муну кимдир бирөөлөр ойдон чыгарган» деген сөзгө ишенип келди. Атүгүл, динчил адамдарыбыз «Жараткан коронавирусту мусулмандарды кысканы үчүн кытайларды жазалоого жиберген» деген сөз чыгарышып, ага өздөрү кадимкидей ишенип элге жайылтышты. Мунун жалган экендигин кечээ жакында эле Чубак Жалиловдун каза табуусу ырастады жана динчилдердин өйдө-төмөн сөздөрүнө чекит койду.

Эл ичинде жөө тумандай желип-жортуп жүргөн дагы бир жоромол –бул 5G технологиялардын зыяны тууралуу түккө тургус жөө жомоктор. Кээ бир оозуна алы жетпеген коомдук активисттер, мисалы, нарындык Гүлмира Кыштообаева өндүү, Кыргызстанда коронавирустун массалык жайылуусун өлкөбүздө орнотулган 5G антенналарына байланыштырган дөдөмөлдү жайылтышып, эл ичине бүлүк салышууда. Натыйжада, айрым жерлерде, алсак, Ысык-Көлдө, интернет таратуучу опто-булалык кабелдерди бузуп, жараксыз кылып таштаган зөөкүрлөр да чыгууда.

Социалдык тармактарда 5G антенналарын кыйратып-талкалоого чакырыктар да жасалууда. Алсак, “Кырк чоро” кыймылынын өкүлү Нуралы уулу Бактыбек элге андай антенналар кайда жайгашканын аныктоону өтүнүп кайрылган. Ал минтип жазат: “5G антенналары кайда орнотулганын кимдер билет? Далилдери менен көрсөтө алат. Шашылыш чара көрүү керек, эртеӊ кеч болуп калат!!!»

Дал ушундай жапайылык, караӊгылык жыттанган, илимий-технологиялык жетишкендиктин маӊызын түшүнбөгөн түпөйүл сөздөр тыйылбай жатат. Бул өлкөдө билим-илим жаатында проблемалар арбындыгынын ачык-айкын көрсөткүчү. Маселе эл аалым деп дин кызматчыларын эсептеп, ал эми чыныгы аалымдардын – илимпоздордун айткандарын жомок катары көрүп алганында болуп жүрбөсүн?!

Ал эми уюлдук компаниялар жана мамлекеттик кызматтар учурда Кыргызстанда 5G технологиялары колдонууга кире электигин буга чейин нечен жолу элге жарыялашкан. КРнын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети кайрылуу жасаган: «Бүгүнкү күндө 5G технологиясы Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга киргизилген эмес».

Ойлонуп көргүлөчү, жок нерсе кантип оору таратат?

5G тармагын киргизүү жана жайылтуу мүмкүнчүлүгү 2020-жылдын башында карала баштаган. Белгилей кетчү жагдай, 5G жабдууларын пайдаланууда ден соолукка тийгизген терс таасирлери тууралуу эч кандай далилденген тобокелчиликтер жок. Болгону, бул жаӊы технология интернеттин ылдамдыгын жыйырма эсеге күчөтөт. Бул болсо технологиялык чоӊ секирик болот. Анын өлкө экономикасы үчүн зор мааниси бар.

Ушундай, урматтуу мекендеш! Биз мактанганды жакшы көрөбүз: «Дүйнөдө теӊдешсиз зор эпосубуз бар. Өлкөбүздүн калкы текши билимдүү. Базардагы ар бир соодагердин сандыгында 3-4 диплому бар» ж.б. А бирок чыныгы абал өлкөбүздө сабатсыздардын саны арбын экенин көрсөтүп турат.

Ар кандай ушак-айыӊга, жалган сөздөргө ишенбей, билим алалы, өзгөчө жаӊы маалыматтык технологияларды окуп-үйрөнөлү, туугандар! Анткени, келечек мына ушул тармакты жакшы билген адистердин колунда!  

Эрнисбек  Темиралиев

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button