Дүйнө

Шок кылчу салт-2: Күйөөсү коноктон боюна бүткөн аялын элге сүйүнчүлөйт

Кечээ “Шок кылчу салт: Камчатканын кээ бир эли аялдарын мейманга салып беришет” деген материалда, Камчатканын кээ бир жерлеринде келген мейманга үй ээси аялын салып берүү салты бар экенин жазган элек. Бул туурасында «Мусагет» каналынан алып, Zen.yandex.ru жазып чыккан. Бүгүнкү материал ошонун уландысы.

Күйөөсү коноктон боюна бүткөн аялын элге сүйүнчүлөйт

Эгер конок үй ээсинин сыйына туура түшүнүп, салтка жараша иш кылса, анда баары жакшы аяктаган. Кечтен тартып, келген мейман менен үй ээси тамак үстүндө аңгемелешип олтурган мезгилде, тиги экөөнүн алдына үй ээсинин аялы келип калган. Меймандын көңүлүн өзүнө буруш үчүн аял алдын ала даярданып, үстү-башын, өзүн жасап-түзөп алып, анын тигилердин үстүнө кирген. Күйөөсүнүн көзүнчө эле үй ээсинин аялы мейманга ар кандай кылыктарын көргөзүп, тийише баштаган. Ал эми эл уктагандан кийин үй ээсинин аялы акырын меймандын төшөгүнө келген.

Бул жерде башкы маселе көзгө чөп салуу эмес – меймандан бойго бүтүрүү. Эгер баары ойдогудай болуп өтсө, анда аялынын меймандан боюна бүткөнүн, күйөөсү ошол айылда жашаган тургундардын бүт баарына сүйүнчүлөп чыккан. Мындай бакыт тууралуу тиги аялдын коңшулаш аялдары тек гана куру кыялданууга аргасыз болушкан.

Баса, Камчатканын ушундай айылдарыннын бирине Америкалык атактуу адмирал Роберт Пири да барган. Ал өзүнүн “убактылуу аялын” ушунчалык жакшы көрүп калган экен, тигини  никелүү жубайына да тааныштырган.

Дагы бир айта кетчү нерсе, мурда келип, үй-бүлөөнү бактылуу кылып кеткен меймандардын кайра дагы конокко келиши кадимки майрам сыяктуу кабыл алынган.

«Аялды арендага берүү»

Мындай салт тууралуу орус жазмаларында биринчи эскерүүлөр падышалык мезгилге туура келет. Ошол учурда Камчатка элдеринин жерлери Россияга кошулуп, аймактардын ортосунда соода-сатык калыптана баштаган. Камчаткага тез-тезден барып турушкан орус почтальондору, жергиликтүү элдин эркектери тигилерди (почтальондорду) аялдары менен бир түн түнөп кеткиле деп суранганын айтышат. Эгер конок макул болуп, үй ээсинин ыктыярын аткарса, анда аны эртеси көптөгөн белек-бечкектер күтүп турган. Меймандын салтка баш ийип, үй ээсинин каалоосун аткарганы, бул үй-бүлөгө болгон анын урмат-сыйы деп эсептелген.

Үй ээсинин аялы меймандан боюна бүтүп эркек бала төрөсө, анда асмандагы жогору күчтөрдүн алкаганы деп саналып, баланын атасы жердеги кудай сымал урмат-сыйга бөлөнгөн.  

Мындай салт Японияда жана Тибетте да болгон

А түндүктүн башка калктарында кандай? Мындай салт Камчатка менен Алясканын кээ бир өтө алыскы аймактарында гана таралган. Түштүгүрөөк жакта жашашкан коряктар менен чукчалар аялдын көзгө чөп салганын оор  кылмыш деп эсептешет. Ал эле эмес, алданган күйөөсү аялы менен ойношунун үстүнөн чыгып кармаса, так ошол жерде экөөнү тең өлтүрүүгө акысы бар.  

Мындай меймандостук Түндүктүн элдеринде гана бар десеңер, жаңылыштык болот. Ооба, Камчатканын кээ бир аймактарында бул салт бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Ал эми байыркы мезгилдерде ушул эле Японияда да ушундай салт практикаланган. Кадимки Марко Поло Тибетке барып келгенден кийин, жергилүктүү эркектер конкокторго аялдары менен кыздарын сунушташканын, эгер мейман тигилердин ыктыярына көнүп, алар менен жатып кетсе, анда ал киши бул үй-бүлөгө чоң белек тартуулады деп эсептелээрин жазган.

Азыр кандай?

Азыркы саякатчылар мындай окуялар тууралуу жазышпайт. Жада калса эң алыста жашаган элдер да дүйнөлүк цивилизациянын жолуна түшүп келатышат, деп белгилешет алар. Азыркы мезгилде көпчүлүк чукчалар менен коряктар үй-бүлөөлүк баалуулуктарды жогору тутушат. Андыктан алар өз аялдарын эч качан меймандарга сунушташпайт. Өзүнөн актуалдуулугун жоготушкан көптөгөн салт-санаа өткөндүн энчисине айланып калды.

Балким, убагы келгенде, күйөөсү өз аялын мейманга салып бергени, чындыкка окшобогон легенданы элестеткен илгерки болумуш катары гана айтылып калышы мүмкүн.

«Мусагет» каналынан алынып даярдалган.  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button