Дүйнө

Белоруссияда Лукашенконун пайдасына фальсификация кылынган. Шайлоо комиссиясынын башчысы айтып салды

Белоруссиянын Витебск шаарындагы № 25-участкалык шайлоо комиссиясынын  башчысы Сергей Питаленко, протоколдорду азыркы президент Александр Лукашенконун пайдасына  фальсификация кылышканын мойнуна алды. Бул туурасында Charter97.org  билдирди,  деп кечээ Лента.ру маалымдады.

Соцжеледе белгисиз  бир чиновниктин участкадагы шайлоонун жыйынтыгын кайрадан өзгөртүп жазып чыккыла, деп талап эткен аудиосу тарады. Ал шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнөн сурап жатат, кантип оппозициянын кандидаты Светлана Тихановская жеңип чыкты деп. Ага “болгонун болгондой санадык” деп жооп берип жатышат. Анда чиновник тыянакты өзгөрткүлө  «азыр момундай чынчыл иштерди жасай турган мезгил эмес», деп талап кылып жатат.

Питаленко аудиодогу үн  реалдуу экенин моюнуна алды.Протоколду өзгөртүп кайра жазгыла деп мажубур кылган Витебск шаарынын Октябрь райондук администрациясынын башчысы Сергей Сташевский экен. Аудиодогу үн ошонуку.  

Сергей Сташевский.

Питаленконун сөзү боюнча, комиссиянын мүчөлөрү «диктовка менен» сандарды (цифраларды) өзгөртүп жазууга мажубур болушкан. Ошол эле учурда, адегенде жарандар таанышыш үчүн Тихановская уткан биринчи протоколду илип коюшкан. «Мен азыр мынабул ызы-чуу өткүчө кичине күтө турайын деп жатам, билген эмесмин мындай жазуу бар экенин», — деп кошумчалады Питаленко.

Эсиңерге сала кетсек, Белоруссияда беш күндөн бери, президенттик шайлоодо Лукашенконун фальцификация жолу менен 80 процент алганына нааразы болгон адамдар массалык протесттерге чыгып жатышат. Күч органдары аларды аесуз сабап, тепкилеп таратып жатышат. Алты миң киши камакта. 13-августтан тартып Белоруссиянын ири ишканалары протест катары иш таштоолорго (забастовка) чыгышты.   

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button