ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

«КЕЧЭЭ деген убакыт агып кетти… ЭРТЕҢ деген күн кандай болуп келээрин эч кимибиз билбейбиз»

“Бирѳѳлѳрдүн баскан–турганын, сүйлөп-күлгөнүн, дегеле турмуш-жашоосун аңдыгандан, сындагандан, кемчилик издегенден ырахат алган кишилер болот. Мындайлар – денедеги жарага жабыша берген чымындарга, же акыр–чикирди сүйгөн курттарга окшош. Алар дайыма жакшыдан да жаманды чукуп таап турушат.

Эми ойлонуп көрүңүз, анан ошондой пенделерге өмүр бою көңүл буруп, капаланып, алардын жетегинде болуп жашоонун өзү сизге керекпи?” 

*** “Отту өчүрбөй жагып туруу үчүн – отун зарыл. Ал эми адамдык жылуу мамилени кармап туруу үчүн – көңүл зарыл. Канчалык отунду көп салсаң – ошончолук табы ысык, айланасы жылуу болот. Канчалык көңүл буруу чоң болсо – ошончолук ортодогу мамиле күчтүү, ишенимдүү, бекем болот”.

*** “Байлыктын чегин билбей жыйнай берген адам – жолдо баратып көзүнө көрүнгөн жалтырактын баарын чогулта берген жолоочуга окшош. Анан ал ошол жыйнаган оокатынын оор салмагынан бөкчөйүп, араң басып, акыры бир күнү бир дубалды сүзүп токтойт. Ал дубалды же айланып өтүүгө, же талкалап салып өтүүгө мүмкүн эмес. Же болбосо жонундагы байлыгы менен кошо да секирип өтүү колдон келбейт. Ошентип, тапкан-жыйнаганынын баарын жеткен жерине таштап, өзү жалгыз андан ары узап кетүүгө туура келет. Башка жол жок. Эмне үчүн башка жол жок? Себеби, биз бул өмүргө бир келген конокпуз. Колубуз бош келгенбиз, бош кетебиз. Жыйнап-тергенибиздин баары бул дүйнөдө кала турганын билген соң, ошончолук ашыкча жүктү үйө берүүнүн зарылдыгы барбы?”

*** “Жаман угуучулардын үч түрү болот. Алардын бири, кѳмкѳрүлгѳн чака сымал — түшүндүрүп жооп берип атсаң да кулагына эч нерсе кирбейт. Берген нерсеңдин баары чаканын сыртына урунуп эле, кайра артка ыргып кетип турат. Экинчиси, түбү тешик чакадай — куйган сууң толуп бараткандай кѳрүнѳт деле, бирок баары бир агып кетип жок болот. Канча куйсаң, ошончолук агып кетет. Ал эми үчүнчү түрүндѳгүлѳр бүтүн чака болгону менен, анын ичи ыпыр-сыпырга, жаман-жуман таштандыга толуп кеткен. Ага суу куйганың менен, өзүнүн жагымсыз ыпыр-сыпыры, жаман-жуманы менен таза сууну тез эле ууландырып салат”.

*** “Сүйөм деп арзууңду ашыгыңа БҮГҮН айт, силерди баалайм деп досторуңа жарыяны БҮГҮН сал, жакындарыңа аларсыз бир да күнүң жок экенин БҮГҮН билдир… Анткени, КЕЧЭЭ деген убакыт агып кетти, ал эми ЭРТЕҢ деген күн кандай болуп келээрин эч кимибиз билбейбиз…”

Нускалуу сөздөр “Жашоонун сыры кайда катылган?” китебинен алынды.

(Китептин түзүүчү С. Кыдырмаева)

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button