ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Өмүрүбүздөгү Аласа жана Бересе

(Ой-толгоо)

“Ыңа-аа-а…” деп ыйлап ааламга келгенимден бери, бу өмүрдөн алган жакшым канча болду, берген жакшым канча болду?

Туура ой калчап жашаганым канча, туура эмес ойлорум, сөздөрүм, иш-аракеттерим канча? Менден мээрим күткөн жакындарымды мээримге толтура алдымбы, мага кымбат мамиле жасагандардын баасына татыдымбы? Сынды жана талапты өзүмө койдумбу же өзгөгө көп койдумбу? Кимдер үчүн тилендим, кимдерди убагында билбедим…

Жаратканым! Мунун баары бир Өзүңө гана белгилүү. Өзгөлөр эмес, өзүм да биле бербеген, сезип-аңдай жүрбөгөн оң-терс нерселеримдин баарын Сен гана ар бир көз ирмемде таразаңа салып, эсебиңе алып турасың.

…Бу өмүрдү адамдардын жаш курагына карата “жаз”, “жай”, “күз”, “кыш” деп бөлүшөт экен. Өз курагымды эске алсам, жашгылт жалбырактары кете элек, коңур жүзү келе элек күз мезгилимде кадам шилтеп баратып, ушул жарыкчылыктын Аласасы менен Бересеси тууралуу ойго чөмүлөм… Жараткандын мага буйрулган тартуусунан нени кармап кала алдым, ак жолунда нени кайра бере алдым? Дегеле, Кудайдын бергенин өз учурунда таанып жатамбы, белги-төлгөсүн байкап атамбы? Жакындарыма, чөйрөмө берген жакшым көппү, же алганым көппү? Эл-жериме нени бердим, нени арнап, кайсы жерин барктап кездим?

Оо, Өмүр! Сенин сырдуулугуңа таңыркап, кереметиңе суктанып, таттуулугуңа тоюп бүтпөсбүз.

Жан болуп ааламга жаралып, адам болуп жерге төрөлүп келгенибиздин өзүндө Алуу-Берүү вазыйпасы турганын ар бир аткан таңыбыз менен, ар бир баткан күнүбүз менен кошо эске ала жүрсөк кана.

Бересе деген эмне өзү? Бересе, бул, сенин ар бир күндөгү жакшы оюң, жарык сөзүң, туура акылың. Ал эмес, сенин туура тамактанууң, ден соолугуңду кастарлаганың, Кудай берген келбетиңе ыраазы болгонуң да бересе. Адамдарга болгон жылуу мамилең — бересе; акмакка болгон айбатың — бересе; алсызга камкордугуң — бересе; өзүңдү тааный билүүң бересе; тукум улооң, туура тарбияң, багытты нускооң — бересе; касиет-өнөрдү мурастаганың бересе; мекенге болгон салымың — бересе; жарык ишиң менен жашоого из калтырууң – бересе; табияттын тирүүлүгүн сезгениң – бересе; жан дүйнөңдүн тазалыгы – бересе; кайрымдуулугуң — бересе; тарыхыңды тарыхтай тааныганың, улутуңду улуттай тааныганың бересе; ж.б.ж.б.

Ал эми эң Улуу Бересе – Жаратканга болгон сүйүүң жана ишенимиң, ыраазылыгың жана таазимиң!

Биз, адамдар, эң зор аласаны Кудайдан алдык. Бирок, баркына жетпей өтө майдаландык. Ал аласа — кымбат Өмүрдүн өзү! Ошол Өмүрдүн ичине кирген, Кудай буюрган баардык ажайып көрүнүштөр: жер, күн, суу, тоо, асман, аба, мекен, ата-эне, бала, бир тууган, алыс-жакын адамдар, о.э. өнөрүң, үнүң, келбетиң, күлкүң, кубанычың, дегеле бу жарыкты таанып төрөлүп келгениң.

Өмүрдү баалайлы. Ыраазычылыкка толуп, топуктукта бололу. Кудай алдындагы бересебизди ар күнү өз-өз орду менен берип жашаганга, бири-бирибиздин көңүлүбүздү гүлдөтүп турганга аракет кылалы!

Салтанат КЫДЫРМАЕВА, 30-июнь, 2020-жыл

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button