Коом

Жаныш Кулмамбетов: Кыргызстадын тагдыры менен ойнобогула!

Драматург, режиссер Жаныш Кулмамбетов кечээ өзүнүн фейсбук баракчасына «НА КОНУ ПОСТАВЛЕНА СУДЬБА КЫРГЫЗСТАНА!» деген кайрылуусун чыгарган. Төмөндө аталган кайрылууну кыргызчага которуп жарыяладык.

Сиздерге жарандык согуш керекпи?!

10-октябрдан кийин, ансыз да араңдан зорго калыбына келген мамлекеттин тынчтыгы, кээ бир мурдагы жана азыркы депутаттардын, юристтердин жана саясат таануучулардын коомду козута баштаганынын айынан кайрадан чыңалып, дагы баш-аламандыкка алып келе турган кооптуу абал жарала баштады. Коомду козута баштаган бул күчтөр Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп бекигенин жокко чыгаргылары келип жатышат. Экс-депутат, экс-премьер-министр Ф.Ш.Кулов, азыркы ЖКнын вице-спикери Аида Касымалиева жана анын депкорпус боюнча коллегалары: Д. Бекешев, Н. Никитенко, И. Масалиев, Э. Сурабалдиева, ошондой эле бир катар юристтер менен саясат таануучулар С. Жапаровдун премьер-минстиликке бекигени олуттуу мыйзам бузуулар менен ишке ашты, андыктан кабминдин башчысы юридикалык жактан легитимдүү  эмес, дешип  биринин артынан бири билдирүүлөрдү таратышууда. Биринчиден, чыны менен эле иш жүзүндө ушундайбы? Экинчиден, ЖКнын 10-октябрындагы чечими кокустан жокко чыгарыла турган болсо, ал кандай натыйжаларга алып келиши мүмкүн?

Бул суроолорго жоопту экинчисинен баштайлы, анткени картада биздин карачечекей Кыргызстаныбыздын тагдыры турат.

ЖКнын 10-октябрдагы чечимин дезавуирование кылуучу (жокко чыгаруу-ред.) кандай гана акт болбосун, ал жакшылыкка алып келбейт!  Отко май куйган менен барабар! 10-октябрдагы ЖКнын чечимин жокко чыгаруу, граждандар тарабынан, аларды алдап койгондой кабыл алынат.Тилекке каршы, мындай терс чечим, ансыз да араң жоошуган коомчулуктун бүйүрүн кайрадан кызытып, болуп көрбөгөндөй жарылышына алып келээри шексиз. Анда, алданган коомчулук өлкөнүн баардык легитимдүү бийлик институттарын сүрүп салышы мүмкүн. Алданган коомчулукту, демек ызаланган, арданган, натыйжада жаалданган селдей каптаган элди токтотууга кылган кандай гана аракет болбосун кан төгүлүүгө алып келбей койбойт (аны биз 2010-жылдагы төңкөрүштөн көрдүк). Ошондо өлкөбүз накта баш-аламандыктын кучагында калат. Анын аягы андан да жаман катастрофалуу абалга такалышы мүмкүн. Анткени, биздин саясий күчтөрдүн, топтордун башчыларынын компромисске баруу маданиятынын жетишсиздигинин, ажымулуктугугун (кежирлигинин – ред.), нарциссизминин (өзүн-өзү өтө сүйүүчүлүк – ред.) айынан, бийилик  бөлүштүрүүгө келгенде ынтымакка келе албай, өлкөбүз жарандык согушка кептелип калышы толук ыктымал.

Коомчулукту козутуп жаткан мырзалар, мырзайымдар, сиздер өлкөнү каякты көздөй түртүп жатасыздар?!

Сураныч, от менен ойнобогула!

Мыйзам бузулган эмес — бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун эч кандай кажети жок

Эми экинчисине келели, туура айтканда биринчисине.

Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү мыйзамды окуп көрөлү.

14лава. Кворум, добуш берүү жана добуштарды эсептөө

82 – берененин 2-й пунктунда мындай деп турат: «Жогорку Кеңештин, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарынын кворуму Жогорку Кеңештин депутаттарынын, комитеттердин, комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн катышууларын билдирет», башкача айтканда, ЖКнын 10-октябрдагы чечимине оппонент болуп жатышкандар айтып атышкан 61 депутат жөнүндө сөз болуп жатат.

Бирок, баам салып көрөлү, бул текстте оппоненттер айтып жатышкан «дендик катышуу» («физическое присутствие») тууралуу бир ооз да сөз жок. «Көпчүлүгүнүн катышууларын бидлдирет» («присутствие большинства») деген аныктамада, ал жыйынга депутат кандай түрдө катышат – дендик жактанбы, же ишеним кат аркылуубу деген чектөө коюлган эмес. Демек, ушул жазылган аныктамадан келип чыга турган болсок, дендик жактан болобу, же ишеним кат аркылуу болобу, баары бир «катышуу» («присутствием») дегендикти билдирет. Башкача мааниси жок. Андыктан, менин пикиримче, бул жерде эч кандай мыйзам бузулган эмес. Демек, бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун эч кандай кажети жок.

Кыргызстанымдын тагдыры кымбат

Сөз соңу.

Оппоненттер добуш берүү тартиби бузулду деп жатышат. Урматтуу мырзалар жана мырзайымдар, эгер билип турап билгиңер келбесе, бул регламент түп-тамырынан бери тынчтык мезгил үчүн жазылган. Ал мындай экстремалдуу, форс-мажорлуу абалды таптакыр эске алган эмес. Кетирилген бул майда-чүйдө каталар дал ошол азыркы саясий форс-мажор менен шартталган. Менимче, муну баары тең эң сонун түшүнүп турушат, анткени кеп биздин өлкөнүн тагдыры жөнүндө кетип жатат.

Урматтуу саясий жана башка ишмерлер, эгер силер өз өлкөңөрдүн душманы эмес, патриоту болсоңор, сураныч, анда биз түшкөн кайыкты ары-бери чайкалтпагыла!  

Аягында айтаарым: мен кандайдыр бир саясий  күчтөр тарабынан ангажирленген киши эмесмин, мага көптөгөн башка мекендештерим сыяктуу эле Кыргызстанымдын тагдыры кымбат.

Ураматым менен,

Кулмамбетов Жаныш, драматург, режиссер.

Редакциядан: 10-октябрда өткөн ЖКнын жыйынына 53 депутат дендик жактын, дагы 9 депутат ишеним кат менен катышкан. Баардыгы – 62 депутат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button