Коом

ИИМ: Улан Ниязбеков КР ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматына барды

Үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков күжүрмөн-кызматтык ишмердик менен таанышуу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздуктун  аскер кызматында болду.

Иш сапардын башталышында министр бул жерде жаңыдан ачылып жаткан “Баатырлар аллеясынын” салтанаттуу ачылышына катышып, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда жана ар кыл мезгилдерде кызматтык милдеттерин аткарууда баатырларча курман болгон Ички аскерлердин кызматкерлеринин жаркын элесине таазим кылды. ИИМ башчысы Улан Ниязбеков, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, ИИМдин  Ички коопсуздуктун аскер кызматынын колбашчысы, полковник И.Кенжекулов, ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын ардагерлери курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюп, алардын эрдигин эскеришти.

“Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматы саясаттан тышкары. Биздин башкы жана негизги тапшырмаларыбыз-коопсуздук деңгээлин жогорулатып, кыргызстандыктардын укугун коргоо. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, жарандын, коомдун жана мамлекеттин  мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын аскерлери ар убак коомдук коопсуздукту камсыздап, мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти катуу сактоого тийиш”,-деп Улан Ниязбеков баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө министр  ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын музейинде болду жана андан соң ал өздүк курамдын дене тарбиялык, күжүрмөн самбо боюнча даярдыгына күбө болду. Ушул эле жерден атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкерлери министрге тоскоолдуктардан өтүү, тоодогу даярдык, көп кабаттуу имараттарды багындыруу боюнча машыгууларды көрсөттү. Андан тышкары министр Ички коопсуздуктун аскер кызматынын окуу-материалдык базасынын, окуу класстарынын, жоокерлердин мончолорунун абалы менен таанышып чыкты.

Иш сапардын соңунда министр ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын өздүк курамы жана ардагерлери менен жолукту. Өз сөзүндө ал Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өздүк курамы өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаалга карабастан, аларга жүктөлгөн милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарууга тийиш экендигин баса белгиледи. Ошондой эле, Улан Ниязбеков ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматына кураторлук кылган министрдин орун басары Октябрь Урмамбетовду тааныштырды. Аны менен катар Ички иштер министрлигинин жетекчилиги мындан ары да Ички коопсуздук аскер кызматын ар тараптуу өнүктүрүүгө болгон күч- аракетин жумшаарын баса белгиледи. Министр ардагерлерге да бекем ден соолук каалоо менен алар Ички коопсуздук аскер кызматынын өсүп-өнүгүшүнө өзгөчө салым кошот деген ишенимин артты.

Сөзүнүн соңунда министр өздүк курамга кызматтык-күжүрмөн милдеттерди аткарууда ийгиликтерди каалады. 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button