Дүйнө

Кыймылдаткычы эң бекем автоунаалар аныкталды

Америкалык CarMD компаниясынын эксперттери кыймылдаткычы эң эле ишенимдүү автоунаалардын рейтингин түзүштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Адистер 1996-2020-жылдар аралыгында чыгарылган 15,5 миллион темир тулпардын маалыматтарын талдап чыгышкан.

Алар кыймылдаткычтын иштен чыгышы жана аны текшерүү зарылдыгы жөнүндө индикатордун жыштыгын 2019-жылдын 1-октябрынан 2020-жылдын 30-сентябрына чейин салыштырып көрүшкөн.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, Mitsubishi тизменин биринчи сабын ээлеген. Mercedes-Benz рейтингдин экинчи сабына жайгашкан. Алдыңкы үчтүктү Volkswagen жыйынтыктаган.

Ошондой эле алдыңкы бештикке Buick жана Ford кирген. Мындан тышкары, адистер Mazda, BMW, GMC, Subaru жана Cadillac автокөлүктөрүнүн ишенимдүү экендигин айтышкан.

Моделдердин арасында 2018-жылы чыккан Toyota Tacoma лидер болду. Экинчи жана үчүнчү орундарды 2015-жылы чыгарылган Honda CR-V жана 2018-жылы чыгарылган Toyota Camry ээлеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button