Коом

Айлана-чөйрөнү жакырчылык кыйратып жатат. Эксперттин пикири

Эксперт Жамиля Айтматова азыркы Бишкектеги ыш тууралуу 24.kg маалымат агенттиги берген суроолорго жооп берип жатып, төмөнкүлөргө токтолду: «Бишкекти каптаган ыштын себептерин кеп кылаардан мурда бул суроону деталдуу түрдө такташ керек, адегенде абанын канчалык булганганын өлчөп,абанын температурасын жана анын составын, ошондой эле шамалдын сокконун текшериш керек»,- дейт.

Анын айтымында калааны каптап жаткан ышка ирээтсиз салынган жаңы конуштар өзгөчө таасир этет.

«Азырынча жалпы гана факторлор жөнүндө айтууга болот. Учурда баары тең эң башкы күнөөкөр ким экенин билип, аны жазалагысы келиүүдө. Бирок андай болбойт. Анткени бул жерде баардыгы маанилүү: ошол эле ЖЭБ жана бензин, эскирген автопарк, ошол учурда токтоосуз күйүп жаткан таштандылар, Бишкектеги таштандылар полигону, турмуш тиричилигиндеги катуу таштандылар, шаардагы туура эмес курулган жаңы конуштар жана дөнгөлөктөрдү жана Кара-Кеченин сапатсыз көмүрүн жана дагы башка ушундай нерселерди жагып жаткан жеке менчик секторлор,»- деди эксперт.

\Ал маселе ЖЭБден тышкары — элдин жашоо деңгээлинин төмөндүгүнө байланышкан. Ушундай эле болот: эл жакыр болуп турганда жашоо үчүн айлана-чөйрөсүн кыйрата берет,- дейт.

Өз кезегинде ААК «Электр станциялары» ыштын келип чыгышына негизги себепкер жеке менчик секторлор, тагыраак айтканда ал жерде жашагандар үйлөрүн жылытыш үчүн эмнени жагып жатканына байланышканын белгиледи.

«Электр станциялары» өтө булганган топ-3 орунду белгилешти:
«Ар- Өргө» — 1 миң 14 AQI;
Новопавловка айылы — 840 AQI;
Новопокровка айылы — 687 AQI.

Ушул үч аймак Бишкектеги ЖЭБден бир топ эле алыс жакта жайгашкан.
Ошондон улам, абанын сапатынын индекси (AQI) алты категорияга бөлүнгөн, адамдын ден-соолугуна коркунуч жарата турган деңгээлге чейин өсүп жатканы көрсөтүлгөн. Эгерде AQI көрсөткүчү 300дөн ашса абанын сапаты коркунучтуу экенин, ал эми 50дөн төмөн болсо — бул жакшы экенин билсе болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button