Саясат

«The New York Times» Садыр Жапаров тууралуу эмне дейт?

Москвалык Иван Нечепуренко — «The New York Times» басылмасынын саясий кабарчысы Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы жана жеңүүчүсү тууралуу макала жарыялаган.

Макаладан үзүндү:

Борбор Азиядагы жалгыз демократиялык өлкөнүн Бобордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Жапаров 80 пайыздан ашык шайлоочунун добушуна ээ болду. Ошондой эле 80 пайыздан ашык шайлоочу бийликти парламенттен президенттин колуна берүүнү колдошту.

2020-жылдын сентябрында эле 52 жаштагы Садыр Жапаров облустун губернаторун барымтага алууну уюштуруу боюнча жаза өтөгөн абакта болчу. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийинки талаштардан улам чыккан элдин толкундануусунан кийин абактан чыккан Жапаров премьер-министр болгон. Бир нече күндөн кийин президенттин ордун убактылуу ээлеп калды. Өлкөнүн башкы тергөө органы болсо Жапаровго чыккан мурдагы өкүмдү бат эле жокко чыгарып койду.

Ошондой эле шайлоо органы жекшемби күнү кечинде шайлоочулардын 39 пайызы шайлоого катышканын билдиргенде добуш берүүдө мыйзам бузулганы тууралуу маалыматтар айтылды.

Жекшемби күнү кечинде Бишкекте болгон маалымат жыйында С.Жапаров учурда Кыргызстанга саясий туруктуулук керек экенин айтты.

«Бардык каршылаштарды биригүүгө чакырам. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек», — деген Жапаров: «Мен бийликке оор кырдаалда келдим», — деп кошумчалады.

Борбор Азия боюнча Москвадагы серепчи Аркадий Дубнов саясатчыны элге тезирээк жардам берүүнү убадалап бийликке келген популисттик фигура катары таанылган «Робин Гуд» деп сыпаттады.

«Кыргызстандагы бийликтин бардык системасы 48 сааттын ичинде эле толук алмашканы бул өлкөдөгү мамлекеттик институттар канчалык туруктуу эмес экенин көрсөтүп турат», — деген эксперт.

63 млн калкы бар, деңизге чыга албаган мурунку советтик өлкө улам кайталанган саясий толкундоолордон жабыркап келет. 1991-жылдагы көз карандысыздыктан кийин өлкөнүн 3 президенти, анын ичинде Сооронбай Жээнбеков катаал толкундоолордон улам бийликтен кетти.

Жакырчылык, кландык атаандаштык жана түндүк-түштүк деген аймактык ар түрдүү көз караш бийликке өлкөнү толук көзөмөлдөөгө тоскоолдук кылды.

Акыркы саясий баш аламандык учурунда нааразы болгондор парламент менен президенттин кеңсеси жайгашкан башкы өкмөттүк имаратты басып алышкан. Парламенттик шайлоодогу фальсификация жана добуштарды массалык түрдө сатып алууга нааразы болгон топ Ак үйдү басып кирип, имаратты тоногон.

Мындай каршылыктардан кийин Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын башкы көйгөйү «ички саясатты айрым батыш өлкөлөрдүн үлгүсү менен жүргүзүүгө аракет кылганында» деген.

Автор өзүнүн укуктарын кеңейтүүгө аракет кылган С.Жапаров Путиндин артынан бара жатканын божомолдоду. Бирок бул жол тобокелдүү, деп эсептейт. Курманбек Бакиев 5 жыл бою бийлик рычагдарын өз колуна алууга аракет кылган. Жыйынтыгында анын бийлиги кандуу тополоңдо кулаган.

Кыргызстан — орус тили расмий тил макамына ээ болгон өлкө жана Москва менен тыгыз байланышта. Жапаров бул тыгыз байланышты колдоп турууга милдеттенди. Бишкек шаарынан анча алыс эмес жерде Россиянын авиабазасы бар. Ошондой эле Россия — жүз миңдеген кыргыз мигранттарынын негизги багыты болуп саналат.

Коңшу Кытай — Кыргызстандын дагы бир негизги өнөктөшү. Чыгыштагы экономикалык гигант Кыргызстандын жакыр экономикасынын негизги инвестору жана өкмөттүн негизги насыя берүүчүсү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button