Коом

Мектеп окуучулары арасында альтернативдүү олимпиада өттү

Билим берүү жана илим министрлиги зээндүү окуучуларды таап, билимин өркүндөтүү үчүн атайын альтернативдүү олимпиаданын биринчи баскычын өткөрдү. Олимпиада 16-17-январь күндөрү болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул сынак математика, физика, химия, биология жана информатика сабактары боюнча эл аралык олимпиадаларга катышуу үчүн Кыргызстанды командасын түзүү жана даярдоо үчүн өткөрүлүп жатат.

Бул олимпиада 4 баскыч менен өткөрүлөт. Алгачкы эки баскыч январь, февраль айларында онлайн режиминде болот. Жыйынтыктоочу эки баскыч март, апрель айларында өтөт. Сынактарга катышуу жөнүндө толук маалыматты бул жерден окуй аласыз.

Кыргызстанда 2265 мамлекеттик мектеп бар. Аларда 1 миллион 200 миң бала билим алат. Республикалык жалпы олимпиада жыл сайын төрт этап менен өткөрүлүп турат. Алгачкысы ноябрда, акыркысы март айында болот. Республикалык олимпиададан жеңген окуучулар жогорку окуу жайларына сынаксыз жана акысыз кабыл алынат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button