Дүйнө

Казакстанда коронавирус күч алып, акыркы суткада 22 бейтап вирустан каза тапты

Коңшу Казакстанда коронавирус жуктургандардын жана оорудан көз жумгандардын саны өсүүдө. Өткөн суткада 1 485 жаңы учур катталганын Sputnik Казакстан кабарлады.

Билдирмеге караганда, илдет илештиргендердин көбү Нур-Султан менен Алматы шаарларында. Өткөн суткада Алматыда 450, Нур-Султанда 365 кишиден коронавирус табылган. Тилекке каршы, оору коңшу мамлекетте бир сутка ичинде эле 22 адамдын өмүрүн алып кетти.

Анын ичинен 17си коронавирустан, бешөө пневмониядан каза тапкан.

Буга чейин Нур-Султан шаарынын коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Тимур Муратов шаардагы эпидемиологиялык кырдаал жай мезгилиндегидей болуп жатканын айткан.


Ал 14-марттан тарта ооругандардын саны 24 пайызга өскөнүн кошумчалады.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button