Саясат

Акылбек Жапаров: Кумтөр менен өлкөнүн кызыкчылыктарына таптакыр карама-каршы келген келишим түзүлгөн

Кумтөр кенинин ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров ал жердеги одоно мыйзам бузуулар тууралуу маалымат берди.

“Өлкөдө бийлик алмашкан сайын Кумтөр боюнча чоң-чоң комиссиялар түзүлүп, аларга долбоордун аки-чүксүн, көрүнө-көмүскө жактарын текшерүү милдети тагылып турган. Түзүлгөн комиссиялардын баары улам жаңы закон бузууларды, өтө орчундуу кемчиликтерди табышса да, баарынын эле иши кыргыз тараптын шартын болгону бир аз жакшырткан, бир аз оңдогону менен, орустар айткандай, “половинчатый решениелер” менен аяктап турган. Ушул жерде эмне үчүн дээрлик 30 жылга жакын убактан бери Кумтөрдүн маселеси аягына чыгарылбай келет,  тийиштүү мамлекеттик органдарга, мамлекеттин жетекчилерине Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктарын толугу менен коргогон, толугу менен камсыз кылган чечимди кабыл алууга эмне тоскоолдук болуп келет деген суроо туулат. Бул жагдайдын бир эле себеби бар, ал – саясий, мамлекеттик коррупция.

Туура 30 жыл мурда, 1991-жылы,  «Камеко» корпорациясы эч кандай тендери, конкурсу жок эле, дүйнөгө белгилүү, кадыр-барктуу компаниялар абдан пайдалуу сунуштарды бергенине карабастан, Кумтөрдү иштетүүгө укук алган. Өлкөнүн кызыкчылыктарына таптакыр карама-каршы келген келишимге 1992-жылдын 3-декабрында Канаданын Торонто шаарында кол коюлган. Ошол күнү орустар айткандай, свершилась фундаментальная несправедливость: Кумтөр Голд Компаниясынын уставдык капиталынын  үчтөн бир бөлүгү канадалыктарга берилип, алар баардык салыктардан, баардык милдеттүү төлөмдөрдөн, курулуш иштери жүрчү мезгилге эле эмес, алтынды чыгарган күндөн тартып эсептелчү 5 жыл мөөнөткө да бошотулган. Уставдык капиталдын 67 %на ээ болуп, контролдук пакет колунда болсо да, кенди башкаруу укугун кыргыз тарап канадалыктарга берип салган.

2003-жылы, кендин Кыргызстандын карамагына  өтчү  убагына 3 – 4 жыл калганда,  Кумөр боюнча келишим кайра түзүлөт, Реструктуризация жөнүндө деген келишимге парламенттин — Мыйзам чыгаруу жыйынынын тыюу салганына карабастан президент Аскар Акаевдин түздөн-түз буйругу менен  ошол кездеги премьер-министр Танаев кол коет. Жыйынтыгында Кыргызстанга жаңы түзүлгөн «Центерранын» болгону 33 % үлүшү тийет,  «Камеко Корпорейшн» 67 %ке ээ болуп калат, ошентип Кыргызстан Кумтөрдү башкаруу укугунан де-факто эле эмес, де-юре да  ажырайт.

Андан көп өтпөй биздин тарап  акциялардын 17 %ин сатып, өзүнүн үлүшүн  15,66 %ке түшүрүп салган. Кызык жери сатылган акциялардын баасы жарым жылдан кийин 4 эсеге өскөн, демек, кимдир-бирөө инсайдердик маалымат алган, аны пайдаланып мамлекетке таандык акцияларды арзан сатып алып, кайра кымбаттаганда саткан”,- деди Акылбек Жапаров.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button