Саясат

Ташиев: Кумтөргө байланыштуу кылмыш иш боюнча шектүүлөрдү жоопко тарта баштайбыз

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иши козголгон адамдарды суракка чакыра баштайт. Бул тууралуу 17-майда парламенттин Кумтөр боюнча кезексиз жыйынга чакырылган жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.

“Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн фамилияларын ачык айтпайбыз. Бирок бүгүн токтом кабыл алынса эртеңден баштап бул адамдарды тергөөгө чакыра баштайбыз. Ачык айтыш керек, кээ бирлерин эртеңден баштап жоопко тарта баштайбыз, алар мамлекеттен чыгып кетпеши үчүн”, – деди Ташиев.

Атайын кызматтын төрагасы билдиргендей, бүгүнкү күндө бул мекемеде Кумтөргө байланыштуу бир нече кылмыш иши тергелүүдө.

Алар: Жаратылыш ресурстарына байланыштуу мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана башка бир топ кызмат адамдары, депутаттар коррупция үчүн айыпталып жаткан иш, Жети-Өгүз райондук администрациясы айыл чарба жерлерин бөлүп берүүдө 390 миллион сомдук зыян келтиргени боюнча иш, Салык кызматы менен Социалдык фонд аркылуу мамлекетке түшпөй калган 1,5 миллиард сом боюнча жана “Кумтөр Голддун” жетекчилеринин экологияга келтирилген зыян боюнча чечимдерине байланыштуу иштер.

Парламент бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөрдүн тегерегиндеги соңку кырдаалды талкуулап жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button