Аналитика

Кыргызстандагы электрондук өтүнүч. Болот же болбойт

Кыргызстан Орто Азиядагы парламент тарабынан шарттуу түрдө каралган электрондук өтүнүчтөрдүн аспабы киргизилген биринчи мамлекет болуп калышы мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүк шайлоочулар менен парламентти байланыштырган көпүрө болуп дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде колдонулат.

Буга  ылайык мыйзам долбоору иштелип чыкты. Анын маңызы парламент сайтында атайын электрондук өтүнүчтөр үчүн бөлүмдүн түзүлүшүндө. Кыргызстандын 18ге жашы жеткен баардык жарандары виртуалдуу кайрылуу жасаса болот. Эгерде берилген өтүнүч талап кылынган добуштардын санын алса парламент аны карап чыгып, ал боюнча өзүнүн чечимин чыгарышы милдет болот. Бул мыйзам долбоорунун биринчи сунуштоочусу вице-спикер Аида Касымалиева болду. Ал Кыргызстанда электрондук өтүнүчтүн чоң мааниге ээ экендигин белгиледи. Анын сөзү боюнча бул коомчулуктун мамлекеттеги маанилүү чечимдерди кабыл алууда жаңы куралы боло алат. Мындан тышкары электрондук өтүнүч келечекте дагы бир курал болгон он миң кол топтоону камсыз кыла турган- элдик мыйзам чыгаруучу демилгесин алмаштыруусу мүмкүн.

Азыркы учурда онлайн өтүнүч көйгөйлүү маселелер боюнча коомчулуктун ой пикирин изилдөөчү маанилүү курал жана ошондой эле жарандардын бийлик органдарына актуалдуу кайрылуу формасы болуп эсептелет. Кээ бир өлкөлөрдө мисалга алсак Германия, Улуу Британия, Украинада онлайн өтүнүнүч берүү үчүн мамлекеттик каражаттар пайда болгон. Бул каражаттарда өтүнүч берүү жана аны жаратуу процесси юридикалык колдоо менен камсыз кылынган, ал эми мамлекеттик органдар жана кызматкерлер жарандардын демилгесине жооп бериши талап кылынат. Белорусия, Казахстан, Өзбекстан, Тажикистан жана Кыргызстанда электрондук өтүнүч түшүнүгү жок. Аны менен бирге жарандардын мамлекеттик органдарга мындай түрдө кайрылуу акысын ишке ашыруу механизми да жок. Кыргыз мыйзам чыгаруусунда электрондук почта аркылуу мамлекеттик органдарга электрондук кайрылууларды карап чыгуу тартиби алдына алып берилген. Бирок бул нерсе жетиштүү эмес деп белгиледи Аида Касымалиева.

Эксперт Азамат Акенеев мыйзам чыгаруучу органга таасирин тийгизүүчү жаңы каражаттын пайдалуу жана пайдасыз жактарын белгиледи.

“Пайдалуу жактары- ачыктык,  эл катмарын көпчүлүгүн тартуу, жеткиликтүүлүк. Электрондук өтүнүчтү киргизүү жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишениминин даражасын жогорулатат.

Пайдасыз жагы- мамлекеттик структураларга ашыкча жүк жүктөлөт, кээ бирлер өтүнүчтөрдү өзүмчүл максатта колдонушат жана саясий чечимдерди кабыл алууга чектелген таасирин тийгизет”,- деп белгиледи Азамат Акенеев.

Бирок «Жарандык демилге» ОФ нын жетекчиси Динара Ошурахунованын ою боюнча  эгерде биз электрондук өтүнүчтөр жөнүндө  чечим кабыл алууну карап чыгып милдеттүү түрдө кылсак, электрондук өтүнүч каражаты аркылуу жылдырылган, парламент тарабынан сөзсүз каралуучу демократиялык эмес демилгелер да көп болушу мүмкүн. Ошондо эгерде көбүнесе популисттик, демократиялык эмес жана либералдуу эмес демилгелер колдоого алынса парламент кандай кылышы керек деген суроо туулат.

“Электрондук өтүнүч идеясы жаңы деле эмес. Көптөгөн мамлекеттер бул каражатты колдонуп жүрүшөт. Бизде деле муну киргизсе болот, бирок мында электрондук гана эмес башка формадагы өтүнүчтөргө да көңүл бурулушу зарыл. Бизде бир сунуш кылынган  ыкманы баары колдонуп башкасына көңүл бурбоо практика жүзүндө калыптанган. Башкача айтканда, эгерде электрондук өтүнүчтөрдү чыгарып, мамлекеттик органдарды бул формага гана көңүл буруусуна чакырсак алар баардык кайрылуулар электрондук түрдө болуусун талап кылышы мүмкүн. Азыр бийликке кайрылуу формалары өтө көп, анын ичинде электрондүк да бар. Эң негизгиси,  албетте, бийликтин жарандар тарабынан кайрылуусуна жана талаптарына жооп берүүсү. Бул таяктын эки учу бар, анткени күчтүү жарандык коомдон тышкары бизде  либералдык эмес абдан активдүү жамааттар да жетиштүү. Бул учурда биз көргөндөй тобокелдиктер да жаралат, менин оюмча аларды да биз карап чыгышыбыз абзел. Мен дагы башында Аида Касымалиева тарабынан электрондук өтүнүч жөнүндө демилгесин чоң кубаныч менен кабыл алгам, бирок практика жүзүндө ар кандай демилгелерди  изилдеп, биздин мамлекеттеги, коомдогу тенденцияларды карап чыгып, чечим кабыл алуудан мурун баардык тобокелдерди талкууга алышыбыз керек экендигин түшүндүм. Электрондук өтүнүчтөргө парламент жана өкмөт кандай жооп бериши керек? Биз бул маселелерди кунт коюп изилдеп чыгышыбыз керек, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы бизге контекст боло алат. Андан кийин гана бул демилгени андан ары жылдырыгыбыз керек”,- деп белгиледи Динара Ошурахунова.

“Электрондук өтүнүч боюнча мыйзам кабыл алуу иш чарасынын ийгилигинде демилгелерди ишке ашыруу негизги ролду ойнойт. Эгерде  жарандардын кайрылуусу бийлик структурасында колдонууга ээ болбосо, бул каражат ийгиликсиздикке учурайт. Жана тескерисинче эгер бийлик ар кандай демилгелерди угуп жооп кайтарса электрондук өтүнүч эффективдүү каражат болуп калышы мүмкүн”, — деп ишенет эксперттер.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button