Коом

Акжолтой Тукунов 2 айга камалды

Монополияга каршы агенттиктин директорунун мурдагы орун басары Акжолтой Тукунов 17-июнга чейин камалды. Бул боюнча бүгүн Чүй облустук соту чечим кабыл алды.

Аны менен Аламүдүн райондук сотунун Тукуновду камоого каршы болгон бүтүмү жокко чыгарылды.

Белгилей кетсек, Акжолтой Тукунов 19-апрелде кармалып, райондук сот аны камакка алууга каршы чыгып, тергөө учурунда өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилген.

Ага милиция Кылмыш-жаза кодексинин 37-278-беренесине (массалык башаламандыктарга аракет көрүү) ылайык кылмыш ишин козгогон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button