Маданият
Япондуктар Чебурашка менен Крокодил Генаны кайра тартышты (видео)
Япониянын мультипликаторлору 3D-технологияны пайдалануу менен Чебурашка тууралуу кыска метраждуу фильм чыгарышты. Тасманы япон тилинде YouTube жарыялаган. Бул туурасында Lenta.ru маалымдады.
Оригиналдан айырмаланып ремейкте крокодил Гена Чебурашканы апельсин салынган ящиктен өзү табат. Андан соң экөө пингвиндердин, коендордун, пандалардын кийимин биринен сала бирин кийишет. Чебурашка бийлеп жатканда Гена гармонь тартып олтурат.
Anime News Network порталы жазгандай, бул кыска метраждуу тасманын чыгышы Чебурашка тууралуу 2010-жылдагы толук метраждуу япон фильминин он жылдыгына арналган.
Abal.kg