
Фестивалга КМШ, Балтика боюндагы өлкөлөрдүн, Грузиянын өкүлдөрү катышмакчы.
Иш-чарага катышуу үчүн 800дөй билдирүү түшкөн. Сынак улуттук жана эл аралык болуп эки программадан турат. Анда көркөм, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык кино жанрындагы тасмалар коюлмакчы.
Бул кинофестиваль 2010-жылы режиссер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Долбоордун максаты — КМШ өлкөлөрүнүн мыкты фильмдерин көрсөтүү менен бирдиктүү кино аянтчасын түзүү.



