Байтик бааатырдын ойдон чыгарылбаган накта өз сүрөтү

372

Москванын Третьяков галереясында турган бул сүрөт «Бога́тый кирги́зский охо́тник с со́колом» деп аталат. Бул шедевр орустун атактуу сүрөтчүсү, Орто Азия тууралуу уникалдуу картиналарды жараткан Василий Васильевич Верещагиндин колунан жаралган.

Тарыхта В.В.Верещагин Байтик баатырдын досу болгон деп айтылат. Байтик баатыр менен Верещагин 1867-жылы Санкт-Петербургда таанышышкан. Орус падышасы Александр IIнин салатанаттуу кабыл алуусуна Түркстандын 17 көрүнүктүү өкүлү чакырылып, алардын арасында Байтик Канай уулу  да болгон. Кыргыз манабы менен орус сүрөтчүсү ошондо таанышып, бири-бирине жылдыздары келишип калышкан.

“Орусча да жакшы сүйлөгөн, көчмөн интеллигенциянын боюу узун, келбеттүү жана күчтүү өкүлү жаш сүрөтчүнүн өтө чоң кызыгуусун туудурган. А бир жагынан исламдын салтында тарбия алып, дин сүрөт тартууга тыюу салгандыктан Байтик Канаев мындай картиналарды мурда көргөн эмес. Бирок анын искусствого умтулуусу, Верещагин менен баарлашууга кызыгуусун ойготкон. Кийин Түркстанга жортуулдардын учурунда сүрөтчү менен Кокон хандыгынын элдешкис душманы жана Россиянын жакын досу кыргыз баатыры Байтик Канаев кайрадан жолугушушкан. А Верещагин болсо  Түркстандын генерал-губернатору генерал К. П. Кауфмандын кол алдында сүрөтчү болуп иштеп берүүгө чакырганын кабыл алып келген” (“Википедиядан” алынды).

В. Верещагин.«Бога́тый кирги́зский охо́тник с со́колом» (Байтик баатыр-ред.)

Бул сүрөт ошол учурда тартылган. Искусствонун гана шедеври эмес, Байтик баатырдын өз келбети чагылдырылган тарыхый факты катары да өтө маанилүү картина болуп саналат.