Коом

ИИМ: Мыйзамсыз сакталган куралдарды, ок-дарыларды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат

Ок атуучу куралды колдонуп кылмыштарды жана бузуулардын жасалышын болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүктөрү мыйзамсыз жүгүртүүдөн ок атуучу куралдарды алуу боюнча ыкчам алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат. 2020-жыл ичинде ички иштер органдары тарабынан мыйзамсыз жүгүртүүдөн 125 бирдик ок атуучу курал (2 бирдик автомат, 2 бирдик тапанча, 35 бирдик ар кандай типтеги сайлуу курал, 62 бирдик сайсыз ок атуучу курал, 16 бирдик газ-травматикалык тапанча, 4 бирдик пневматикалык тапанча, 4 бирдик башка куралдар) жана 28 ок-дары алынган. Ошондой эле, жарандар өз ыктыярлары менен 92 ок атуучу куралды жана 9 бирдик ок-дарыны тапшырышкан.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги эскертет, Кыргыз Республикасынын “Курал жөнүндө” мыйзамынын 21-9-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор, юридикалык жактар акы төлөмө жана бекер негизде негизде табылып алынган же мыйзамсыз сакталган куралдарды жана ок дарыларды өз ыктыярлары менен тапшырса болот. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөмө жана бекер негизде тапшыруунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, өз ыктыяры менен тапшырган куралга 1600 сомдон 16 000 сомго чейин куралдын түрүнө жараша кенемте каралган.

Ок атуучу куралдарды легалдаштыруу максатында Ички иштер министрлиги жарандар ок ачуучу куралдарды өздөрүнө кайрадан каттатуу үчүн ички иштер органдарына өз ыктярлары менен тапшырууну сунуштайт. Тактап айтканда бул курал-жарактарды тактоо үчүн (уурдалган, жоголгон, кылмыш жасоого пайпаланылган) баллистикалык жана башка экспертизалар дайындалган соң, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жаран тиешелүү документтерди топтоп алып келген учурда өзүнө каттатып алууга болот.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарга кайрылып, милиция кызматкерлери мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды өз убагында аныктоого жана алууга жардам берүүнү жана бул предметтерди өз ыктыялары менен тапшырууну суранат.

Учурда иштеп жаткан мыйзамга ылайык, мыйзамсыз сакталган куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч түзүлүштөрдү өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Алар мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды өз ыктыярлары менен тапшыруу максатында ички иштер органдарына келүүсү милдеттүү эмес. Мыйзамсыз сакталган куралдарды жана ок-дарыларды өз ыктыярлы менен тапшыруу тууралуу милицияга телефон аркылуу кабарлап же милициянын аймактык тескөөчүсүнө билдирген учурда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button