Маданият

“Көчмөн маданият ааламы” менен жашап өткөн Орозбек Байгожоев

Абалкы ата-баба баскан жолу,
Айтып бүткүс албан тарых болгон тура.
Айландырып мезгилдин айланпасы,
Ала-Тоонун арасына конгон тура.

Бул саптардын ээси, СССР архитекторлор союзунун жана КР архитекторлор союзунун мүчѳсү Орозбек БАЙГОЖОЕВ 62 жаш курагында, чыгармачылыгы гүлдөп-өнүгөөр мезгилдин күчүндө турганда дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кетти.

2020-жылдын 18-декабрында көз жумган Орозбек Байгожоевдин кырк күндүгүнүн ашы эртең, 22-январь күнү өтөт.

Мамлекеттик резиденциядагы 500 орундук боз үйдүн авторлорунун бири болгон О.Байгожоевдин эмгектерин Таластагы Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинен жана Бишкектеги “Манас айылы” маданий-этнографиялык комплексинен орун алганын көрсөк болот.

Кыял-максатындагы көптөгөн долбоорлору кагаз бетинде калган таланттуу архитектор өз эли-жерин өзгөчө сүйгөн, өлкөнүн жакшы жакка өзгөрүүсү үчүн жеке чыгармачылыгы менен салым кошууга дайыма умтулуп келген мекенчил, алпейим, жарык замандашыбыз болгон.

Архитектура, геральдика жана сүрөткерлик өнөрүндө жаңы эстетикалык нукта изденүүнүн толкунун жараткан архитектор Орозбек Байгожоев кыргыз дүйнөсүнүн чыгармачылык ажарын ачып, өзүнүн кайталангыс этностили менен коомчулуктун кызыгуусун арттырып келген.

2013-жылы анын «Көчмөн маданият ааламы» аттуу персоналдык көргөзмөсү КР сүрөтчүлөр союзунун көргөзмө залында (С.А.Чуйков атындагы “Дубовый парк”) болуп өткөн. Ал көргөзмө үч бөлүктөн турган эле. Биринчи багыт — бул архитектуралык изденүү. Экинчиси – сүрөтчүлүк. Үчүнчү багыт – геральдика (мамлекеттик символдор, белгилер).

“Үч багыттагы чыгармачылык аракетимди адегенде элге, интеллигенция чөйрөсүнө тааныштырдым. Жаманбы-жакшыбы, мен тааныган жана мени тааныган белгилүү бир чөйрө кабыл алып, жылуу пикирин айтты. Албетте, сын пикирлер дагы болду. Эң башкысы изденүүдөн кайтпаш керек. Анан бул багыт өзү элдин улуттук маданиятынан улам пайда болуп жаткан изденүү болгондуктан, баардыгыбыз жапа тырмак ушул жолдо эмгек кылсак, натыйжа болбой койбойт. Айтылган сөз менен аракет турмуш жүзүнө ашарына көрүүчүлөрдүн ишеничи чоң болду. Азыркы бул багыттагы жасалып жаткан эмгегибиздин натыйжасы, менин оюмча, бүгүнкү күндүкү эмес, эртеңки күндүкү. Жалпы жонунан айтканда, менин чыгармачылык аракетим кийинки муундарга арналат десем болот. Анткени, бул маселени улуттук өңүттөгү геральдикадан баштап, архитектурага чейин жаңыча эстетикалык көз карашта калыптандыруу бир эле муундуку эмес, бир нече муундун маселеси. Анын ичинен жеке чыгармачыл инсан катары меники бул тема боюнча бир гана көз караш катары эсептелинет. Бул менин улуттук символдорго болгон мамилем. Ал эми калганы болсо көпчүлүктүн сынына коюлган маселе” деп айтканы бар архитектор Байгожоевдин бир маегинде.

Ал эми чыгармачыл тобу менен чогуу иштеп чыккан этностилдеги долбоорлорунун ишке ашышы үчүн азыркы мезгилде мүмкүнчүлүк жок болуп турганын, аларды курууда чоң инвесторлор талап кылынаарын же мамлекет өзү кызыкдар болсо ишке ашаарын үмүт менен айта келген.

Кыргыз элинин таланттуу уулу Орозбек Байгожоевдин үй-бүлөсүнө редакциянын атынан көңүл айтып, өзү айткандай анын архитектурадагы “чыгармачылык аракетин” кийинки муундар ишке ашырып калаар деген тилектебиз.

Даярдаган Жазнура Келдибекова

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button