Маданият

Баткенге концерт койгону бара жаткан ырчы жол кырсыгынан каза болду

Буга чейин Бишкек-Ош унаа жолунда унаа оодарылып кетип, Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан жоокер  каза болгону кабарланган эле.

Кийинчерек бул жол кырсыгынан Куралдуу күчтөрдүн оркестринде ырдап жүргөн аял каза болгондугу маалым болду. Жол кырсыгынан каза болгон ырчы айым Нурзат Ажыгожоеванын жакын санаалаштары маркумдун артында 3 баласы жана жолдошу калганын билдирди.

«Нурзат эже шайыр, абдан жакшы адам эле. Артында 3 баласы калды. Ал чыгармачылык менен иштеп үй-бүлөсүн багып келген. Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү ошончо узак жолго ырчыларды КамАЗ менен жөнөткөнү бизди айран таң кылып жатат. Алар болгондо дагы Баткен облусуна барып жатат. Аларды коопсуз болгон унаага салышы керек эле», — деди ырчынын жакындары.

Бул арада ӨКМнын басма сөз кызматынан окуянын чоо-жайын айтышты.

«Такталган маалымат боюнча, саат 12:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 159-чакырымында КамАЗ-Вахтовка үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен А.Н. аттуу аял каза болуп, 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Учурда алардын аты-жөндөрү такталууда», — деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button