Садыр Жапаровго кайрылган кыздын үй-бүлөсүнө үй салына баштады

Социалдык тармактарда буга чейин кичинекей кыздын өз үйүн президентке тааныштырып жаткан видео тараган. Ал бул үй жараксыз болуп 2-3 айдан кийин кулашы мүмкүн экенин айткан эле. Видео Нарындын Ак-Тал айылында тартылган.
Үй-бүлөнүн башчысы 2020-жылы пандемия учурунда каза болуп калган. Апасы жалгыз 6 кыз, 1 уулун тарбиялап келет. «Бул үйдү атам тирүү кезинде тургузганбыз. Мал жандыгыбыз жок. Учурда үйдүн абалы кооптуу, качан урап калат билбейбиз. Коркуп жашайбыз. Чатыры да жок, ылай болчу. Катуу жаан же кар жааганда суу кирет. Көк жыттанып турат», — деген ал.
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен үй салына баштаганын айтты. Садыр Жапаровдун демилгеси менен үй салына баштады. Кечээ пайдубалын куюш үчүн жерди казышты, ал эми бүгүн цементи келиши күтүлүп жатыптыр.



