«Кыргызалтын» Монголиянын алтын камтыган чийки затын кайра иштетүү боюнча долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды

«Кыргызалтын» ААК Монголиянын Борбордук банкы тарабынан берилген Доре куймасын өзүнүн «Аффинаж заводу» филиалында ийгиликтүү кайра иштеткенин билдирди.
Компаниянын маалыматына ылайык, бул Кыргызстан тарыхында чет өлкөлүк Доре куймасын өлкө аймагында биринчи жолу кайра иштетүү болуп саналат жана баалуу металлдар тармагындагы кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп калды.
«Кыргызалтын» белгилегендей, долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы компаниянын заманбап өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөргө, жогорку технологиялык тажрыйбага жана эл аралык деңгээлдеги ишенимге ээ экенин көрсөттү. Бул чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн чийки затын кайра иштетип, 999,9 сапаттагы жогорку ликвиддүү алтын өндүрүүгө шарт түзөт.
Долбоордун алкагында даярдалган жана Good Delivery макамына ээ болгон алтын продукциясын дүйнөлүк биржада сатуудан түшкөн жалпы киреше 12 миллион доллардан ашты.
Компания ошондой эле эл аралык LBMA (Good Delivery) аккредитациясына ээ экенин белгиледи. Бул сертификат өндүрүлгөн алтындын сапаты жана көзөмөлдөнүшү дүйнөлүк жогорку стандарттарга жооп берерин ырастап, ишканага дүйнөлүк баалуу металлдар рыногунда Европанын алдыңкы аффинаж заводдору менен тең атаандашууга мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, долбоорду ишке ашырууда «Кыргызалтындын» Борбордук илимий-изилдөө лабораториялык комплекси чоң роль ойногону белгиленди. Бул комплекс баалуу металлдарды эл аралык стандарттарга жана LBMAнын талаптарына ылайык талдап, текшерип турат.



