Коом
Бает айылындагы пляж эл аралык деңгээлдеги эс алуу жайына айланат

Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов маалымат жыйында билдирди.
Ал учурда айылда эки чакырымдык жол, 1,5 миң чарчы метрлик унаа токтотмо курулуп, жарыктандыруу системасы жасалып жатканын айтты. Ошондой эле көл жээгиндеги чычырканак өскөн аймакка парк түшөрүн белгиледи.
«Бает айылындагы пляж толугу менен жаңыланып жатат. Тааныбай каласыздар, эл аралык деңгээлдеги пляж болот», — деди Кубатов.
Белгилей кетсек, суудагы «Формула-1» боюнча дүйнө чемпионатынын этабы Ысык-Көлдө 31-июлдан 2-августка чейин өтөт.



