Коом

Мектепке кеткен боюнча дайынсыз жоголгон окуучу Асемай табылды

2021-жылдын 28-ноябрь күнү саат болжол менен 12:00 чамаларында Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылынын тургуну 15 жаштагы Полотова Асемай Куршаб айылында жайгашкан Ы.Бектемиров атындагы орто мектебине кеткен бойдон дайынсыз болгондугун апасы 1983-жылы туулган П.К., билдирип арыз менен кайрылган.

Аталган факты 2021-жылдын 3-декабрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө дайынсыз жоголгон П.А., жүргөн жери такталып,  2021-жылдын 11-декабрында Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан Ош шаарынан табылып, ата-энесине   кайтарылып берилди.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button