Коом

Шашылыш кабар! Бишкекте катуу шамал болот, сак болгула

Бишкек шаарынын мэриясы жакынкы мүнөттөрдө калаада катуу шамал боло турганын эскертти.

Маалыматка ылыйык, бир сааттан кийин жана күн бою батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Мындан улам мэрия автоунааларды дарактардын жана жеңил конструкция менен курулган объектилердин жанына токтотпоого чакырат.

Ал эми кулап калган дарактарды көргөндөр болсо «Бишкек жашыл чарба» ишканасына 0770 830006 телефон номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button