Коом
Чолпон-Атада 100 орундуу оорукананын курулушу башталды

Чолпон-Атада 100 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды.
Капсула салуу аземине саламаттык сактоо министри, ЖК депутаттары, президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү, медиктер катышкан.
Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратын курууга республикалык бюджеттен 282 миллион сом бөлүнгөн.



