Коом

Лейлек районунун милиция кызматкерлери чек арага чектеш айылдардагы жашоочуларга малдарына сак болууларын эскертишүүдө

Лейлек РИИБдин Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Тажикстан Республикасына жакын жайгашкан айылдын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Арка-2 айылындагы базарга келишкен Жаштык, Достук жана Борбордук айылдарынын жашоочуларына коомдук коопсуздукту сактоо жана мал уурулукту алдын алуу, мал жандыктарын талаада кароосуз калтырбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 75 эскертүү акт толтурулуп, мал ээлерине берилди.
Ошондой эле милиция кызматкерлери элдерге сервистик тейлөө көрсөтүп, ар тараптуу сунуш-кайрылууларга жеринде жооп берди. Кылмыштуулукту алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн мыйзамдар менен тааныштырышты.

Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button